Белгилүү кино актёр жана режиссёр Аскат Сулайманов менен маек 

 

- Аскат мырза, сизди элдин көпчүлүгү "Айыл өкмөттөгү" участкалык милиционер катары билишсе, "Президент жана бомждон" кийин башка өңүттө көрүштү. “Участковый бойдон каламбы деп коркчу эле, “Президент жана бомждон” кийин элдин көз карашы өзгөрдү” деген пикириңизди окуганбыз. Азар “Президент жана бомж-3тө” көркөм жетекчи болуп атыпсыз.

 

- Ооба, “Президент жана бомждон” кийин мени актёр катары башка олуттуу ролдон көрүштү. Ал эми “Президент жана бомж-3тө” президенттин ролун аткарып жатам. Тасмага ошондой эле көркөм жетекчи катары катышуудамын.

 

- Режиссёрлук милдетти ким  аткарып жатат?

 

- Режиссёрубуз Кубат Шамшиев. Таланттуу кинорежиссёр. Бир канча белгилүү тасмаларды тарткан.

 

- Сиз президентти аткарсаңыз, дагы кимдер кайсы ролдорду аткарышат?

 

- Марат Алышпаев – экс-президент, Тимур Маматкулов – премьер-министр, Эркин Жоллдошалиев – спикер, Санжар Энназараов – Жогорку сот төрагасы, Шаршен Шейшеев – экс-премьер-министр, жаш актёрлор Илеш Өмүрзак уулу – экс-президенттин уулу, Толкунай анын сүйгөн кызы, Айнура Исмаилова – Америкадагы мигранттын келинчеги, Эшенкул Барпиев – мигрант.

 

- “Президент жана бомж” мындан 3-4 жыл мурда чыкты эле. Эмнеге анын уландысына эми киришип атасыздар?

 

- Сценарист Өмүрзак Төлөбеков бир канча жылдан бери жазып бышырып келди. Марат Алышпаев экөөбүз менен дайыма кеңешип турат. Сценарий эми даяр болду. Буйруса, мурдагылардан кем калышпаган дагы бир мыкты тасма жаралат деп аракет кылып атабыз.

“Президент жана бомж-2”ни тартып атканбыз. Өмүрзак байке айтты: “Париж, Берлинге барып тартабыз” деп. “Коюңузчу Бишкекте араң тартып атабыз” дедим. Жок, Париж, Берлинге барып тарттык. “Москва сүйүусүндө” Москвада тартып жүрсөк Өмүрзак байке “Панкратов-Чёрный, Александар Песков, Бари Алибасов келет” деди. Чыны ишенген жокмун. Алар деген күнүгө 10 миң долларга иштешет. Бизде андай бюджет жок. Мамлекет каражат бөлбөйт. Төлөбеков өзү табат акчаны. Анан эле Панкратов менен Песков кирип келгенде оозум ачылып калган. Ошондой кийин Өмүрзак байке эмнени айтса аткарарына ишенем. Азыр Анкара, Вашингтондо тартабыз деп атат, буйруса, ошол жактардан да тартабыз.

 

- Тасманын аталышы “Президент жана бомж-3: Канзаада сүйгөн айылдык кыз” (орусчасы: “Принци и провинциалка”) экен. Демек, жаңы киного күбө болот окшойбуз.

 

- Ооба. “Президент жана бомж-3” таптакыр башкача нуктагы кино болмокчу. Кыскача айтканда, кызыктын баары алдыда.

 

- Сиздердин жаңы тасмаңыздар “Миллионердин сүйүүсү” азыр интернетти жарып атат го.

 

- “Миллионердин сүйүүсү” адал жана арам акча, ак жана акчага сатылган сүйүү, адамгерчилик, турмуш тууралуу кызыктуу да күлкүлүү, музыкалуу баян. Аны бир гана ютубдан бир жумада 700 миңден ашык киши көрүп чоң уу-дуу түшүргөндүгү, эл тарабынан жылуу, жакшы пикирлер жаагандыгы биз үчүн күтүлгөн жана күтүлбөгөн жагымдуу окуя болду.

 

- “Президент жана бомж-3тү” тартуу процесси каерине келди жана ал тасманы эл качан көрө алат?

 

- Буйруса, жарымдап калдык. Апрель айынын ортосуна бүтсөк продюсер чет өлкөлөрдөн презентациялап, 3-майдан Бишкекте, Ошто көрсөтүүнү болжоп турабыз.

 

     

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.kg” гезити