“ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ-3” КОНЦЕРТ МЕНЕН БАШТАЛАТ... 

 

- Күмүш айым, продюсер Төлөбеков менен режиссёр Сулайманов “Президент жана бомж-2” тасмасында Тимур Маматкулов, “Миллионердин сүйүүсүндө” Нарбото Анарбаев, Азур Насирдинова, Эшенкул Барпиев, Клара Токтобаева өңдүү жаңы жүздөрдү алып чыкса, бул жолу тасманы жаратуучу уюштуруучу топко жаңы инсандарды тартып атыптыр. Сиз кино дүйнөсүнө кандайча кошулдуңуз?

 

- Мен да киного ынтызар жаштарданмын. Төлөбеков менен Сулайманов биргелешип жаратып жатышкан “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмалары кыргыздын кийинки кезде чыккан эң мыкты кино туундуларынан. “Президент жана бомж-3” тартыла баштаганын угуп, кино тармагына катышкым келип продюсерге кайрылдым. Буга дейре мен көп көрүнүктүү фирмаларда администратор болуп иштеп, көп өлкөлөргө чыккам. Чет тилдерди билем. “Президент жана бомж-3” көп өлкөлөрдө тартыла тургандыгынан жана менин эл аралык тажрыйбамдан улам мага тасмада уюштуруучулук-администраторлук кызматты сунушташты.

 

- “Президент жана бомж-1-2” – элге кеңири белгилүү тасмалар. Ал эми 3-сүндө кандай жаңылыктар күтүлөт?

 

- Азыр коомчулук кабардар болгондой, 18-мартта спорт сарайында тасманын эл кеңири катышкан эпизодун кыргыздын белгилүү ырчылары жана куудулдары катышкан концерт менен баштаганы турабыз. Мунун өзү да жаңылык. Өмүрзак жана Аскат байкелер айтышат: “Ким жолугуп сүйлөшсө эле “мени да киного тарткылачы. Чоң роль аткара албасам да бир элге көрүнсөм, кийин картайганда неберелерим телеканалдардан көрүп турушса жакшы болот эле!” деп суранышат. Айткыла, келишсин, эми келип киного түшүшсүн!”

 

Биз уюштуруу жумуштарын аткарабыз. Чыгармачыл топ кызуу иштеп жаткан кез. Алардын ишине жакшы деңгээлде шарт түзүүгө аракеттенип атабыз. Кудай буйруса, “Президент жана бомж-3” да кыргыз элинин сүйүктүү тасмаларынын бирине айланаарына бекем ишенебиз.

 

     

Булак: “Майдан.kg” гезити