Кино жазуучу жана продюсер Өмүзак Төлөбеков менен маек 

 

- Өмүрзак байке, социалдык түйүндөрдө “Президент жана бомж-3” тасмасын Москвада тарта баштаганыңар таркады. Дагы кайсы өлкөлөрдө жана шаарларда тартылмакчы?

 

- “Президент жана бомж-2” Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында тартылса, “Президент жана бомж-3” Бишкек, Ош, Жалалабад, Москва, Анкара, Вашингтон шаарларында тартылмакчы, Кудайым буйруса.

Берлин менен Парижде өткөндө кыска гана эпизоддорду тартсак, бул жолу Анкара менен Вашингтондо 15-20 мүнөттүк кадыресе бөлүктөрдү тартмакчыбыз.

 

 

- Эмнеге чет өлкөлөрдө? Кинонун баркын көтөрүү үчүнбү?

 

- Азыркы мезгилде Орусияда, Түркияда, Америкада – чет өлкөлөрдө көптөгөн мекендештерибиз иштеп-жашап жүрүшөт. Бул биздин бүгүнкү күндүн ачуу да, таттуу карамүртөз чындыгы. Ошондуктан элибиздин азыркы көйгөйүн туура чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн да тартпасак реалдуулуктан алыстап калган болмокпуз. Четте уул-кыздарыбыз чоң акча табышып, турмуштарын тыңдаган менен эли-жерине куса болуп, зарлаганын да кантип жашыралы.

 

- “Караханид таажысы” Нью-Йорк, Стамбулда тартылаарын айтып келсеңиз “Президент жана бомж-3”тү Вашингтон менен Анкарада тартылат деп атканыңыздын себебин түшүндүрө кетсеңиз.

 

- Нью-Йорк менен Стамбул Америка менен Турциянын ири калаалары болсо, Вашингтон менен Анкара борбор шаарлары. “Президент жана бомж” саясий тасма болгондуктан административдик ортолуктарда тартмакчыбыз.

 

- Социалдык түйүндөргө Москвада орус кинопродюсерлери, режиссёрлору менен түшкөн сүрөттөрүңүз, видеолор таркады. Алар кимдер? Орус кесиптештериңиз менен эмнелерди талкууладыңыздар?

 

- 1993-1994-жылдарда мен Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун жогорку курсунан окуп, мурдагы СССР Жазуучулар союзунун ордуна түзүлгөн эл аралык жазуучулар коомунда иштеп калгам. Кийин 2012-жылдан кино тарта баштаганда Москвага көп каттап, Орус кесиптештерим менен тыгыз мамиле түздүм. Жазуучулар союзунда бирге иштеген, ага дейре узак жылдар “Мосфильмде” кызмат кылган ага-досум Омар Айшах (“Москва сүйүүсүндө” көркөм жетекчи болду), белгилүү киноактёрлор Лев Прыгунов, Москвадагы кино актёрлер театрынын көркөм жетекчиси Анатолий Яббаров, “Мосфильмде” иштеген, айтылуу Чухрайга экинчи режиссер болгон, бир катар көркөм жана даректүү тасмаларга режиссёрлук кылган түбү казак Булат Исхаков өңдүү бир катар белгилүү киночулар менен тааныштырды. Исхаков мени курсташтары: белгилүү кино актёр жана режиссёр Панкратов-Чёрный, кезинде НТВ телеканалында продюсер болгон, азыр “Покровские ворота” кинокомпаниясынын режиссёру Резо Шарабидзе, Резо болсо жакшы мамилелеш кесиптеши, “СИВ Медиа” дистрибьютердик компаниянын жетекчиси, “Перекрёсток”, “С новым годом, папа!” өңдүү популярдуу тасмаларды тарткан кино продюсер Михаил Москвалёв менен аралаштырды. Азыр алар менен бат-бат жолугушуп, жаңы долбоорлорду бирге жаратууну макулдашып атабыз.

 

 

- Сиздер менен Москвадагы кыргыз ишкери Ташболотов бирге жүрөт.

 

- Болот Ташболотов ини-досум убагында жубайы Шааркан Айдарова экөө ВГИИКке өтүшкөн. 90-жылдардагы каатчылыктын айынан Москвадагы дүйнөлүк белгилүү кино окуу жайынан билим ала албай калышып, заман шары менен бизнеске бой урушкан. Акаев кезинде Боке президенттин күзөт кызматында иштеп, 2000-жылы Москвага кетип ошондон бери ресторан иштетишет. “Москва сүйүусүндө” Кыргызстандын маданият министри, “Революция токтотулатта” олигархты аткарган. “Президент жана бомж-3”тө Москвалык кыргыз бизнесменди ойноодо. Биз кыргыз тилинде чыгарган “Владимир Путин” китебин каржылашкан. Алардын Москвадагы популярдуу “Келкел” рестораны биздин орус киночу достор менен такай жолугушчу куттуу ордубузга айланган. “Москва сүйүүсүндө” Александр Панкратов-Чёрный, Александр Песков, Бари Алибасов катышкан эпизоддор алардын “Келкел” ресторанында тартылган.

- “Караханий таажысы” тасмасын тартабыз” деп аттыңыз эле.

 

- “Караханий таажысын” Казак, Өзбек кесиптештерибиз менен бирдикте тартууну макулдашып атабыз. Аны баштоого дагы бир аз убакыт талапталды. Ортодо мүмкүнчүлүк түзүлө калганынан “Президент жана бомж-3тү” колго алдык. Бирок, Америкага жол буйруса, эки тасмага бирдей эпизоддорду тартмакчыбыз.

 

- “Президент жана бомж-3”тө кайсы актёрлор тартылат?

 

- Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жантелиев, Темирлан Сманбеков, Шаршен Шейшенов, Тимур Маматкулов өңдүү белгилүү актёрлор жана бир катар жаңы жүздөр катышмакчы.

 

 

- Алышбаев – экс-президентти, Сулайманов – президентти аткарса керек? “Бомж Бопушчу”?

 

- “Бомж Бопуш” көтөрүлүп, президенттин коомчулук менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болот.

 

- “Президент жана бомж-1-2” элге кеңири тараган тасмалар. 3-сүндө эмне окуяларга күбө болобуз?

 

- Кудайым буйруса, жаңы тасмабызды апрелдин аягында Америкадагы мекендештерибизге көрсөтүүдөн баштасак, май айынын башында Бишкекте, Ошто, Москвада тасмадан таанышасыздар.

 

- “Президент жана бомж-1-2” тасмаларыңыз саясий чөйрөдө кызуу талкуу, резонанс жаратты эле. Курч саясий кырдаалдар мында да чагылтылабы?

 

- Президент – саясий эң бийик фигура. Ал тууралуу баяндалган соң саясат сөзсүз чагылат. Арийне, курч окуялар орун алат. Бирок, саясаттан чарчаган элди тажатпоо үчүн ага караганда турмуштук, адамгерчиликтик кызыктуу да кайгылуу көрүнүштөргө басым жасадык. Ошондой эле, “улуу муундун киносу” болбосун үчүн жаштар, алардын оош-кыйыш маселери алдыңкы бутага алынды.

 

- Мындай олуттуу тасмага олуттуу каражат талапталаары белгилүү. Мурдагы тасмаларыңызда Н.Түлеев, А.Салымбеков, Б.Төрөбаев демөөрчүлүк көрсөткөнү жазылган. Бул жолу кайсы айтылуу саясатчылар колдоо көрсөтмөкчү.

 

- Белгилүү саясатчылар эмес, кыргыз ишкерлери: Америкадан Эрбол Жантаев, Эркинбек Өкүмалиев, Москвадан Раим Аттокуров, Болот Ташболотов колдоо көрсөтүп атышса, Кыргызстандан тасманын аткаруучу продюсери Самаган Орозалиев, аткаруучу директору Самарбек Жээренчиев, администратору Абдукарим (Өскөн) Ташбаев арка-жөлөк болушууда.

 

- “Президент жана бомж-3” мурдагыларынан ашса ашкан, кем калбаган, кыргыздын дагы бир мыкты тасмасы болуусуна тилек кошобуз!

 

Маектешкен

Аэлита Сатындиева

 

Булак: “Майдан.kg” гезити