Эл артистине салам кат 


Абдымалик, саламатсыңбы! Сенин видеодон сөзүңдү угуп, жасап жаткан иштериңе ыраазы болуп, сага карата мурдагы көз карашымды өзгөрттүм. Алланын алкышы болсун сага, алкыш сага! Абдымалик азаматсың! Балким, Алланын сага жүктөгөн миссиясы ушундайдыр...

 

Картинки по запросу Абдымалик Шерматов

 

Сага дем-күч, шык-энергия Алладан берилип жатат да. Азис кыз Айнагүлгө эч бир тартынбай жардамга кол сунганың бул – эрдик. Жараткан бул эрдикти – ал кызга жардамды сен аркылуу бердирип жатса керек. Ал кыз эч убакта мындай ийгиликтерге түшүндө да жетмек эмес деп ойлойм. Сага Жараткан ашып-ташкан энергияны, өң-келбетти, үндү, сөзгө чебердикти, элди өзүнө тартып алуу касиетти бериптир да. Балким, Жараткан сени кимдир-бирөөгө жардамы тийсин деп өзгөчө кылып жараткандыр...

 

Сенин турмуш жолуңдагы жолуккан кыз-келиндер – актриса болду, бийчи болду, ырчы болду, акчасы бар аялдар болду, бухгалтер болду, кызматкер болду, бардыгы тең-өздөрүндөгү сапатка байланыштуу сени кармап калууга, “мени гана караса” дегендей аракет кылышты. Бирок, сенин жаратылышың - андайга макул эмес экен да. Сенин максатың – алдыга гана озуу, улам жаңы идеяларды жаратуу экен да, алар тескерисинче сенин “көзүңдү” карап, сен баштаган жумуштарды колдоп, сага жардамдашып жашаш керек экен да деген ойго келесиң. Көпчүлүк эркектер – ары айланып, бери  айланып, бирөөсүнө кайра кайрылып келиши мүмкүн. Сенин экинчи эрдигиң – бирөөсүнө да кайра кайрылып келбегендигиң. Анткени, сен өз мүмкүнчүлүктөрүңө ишенсең керек. Үнүң да профессионал ырчылардай тапталып, такшалыптыр. Кайсыл аялга жолуксаң да - жакпаса да аны жакшы жашоого салып коюп кете бермей жолуң бар экен. Азаматсың, Абдымалик!

Азис кыз Айнагүлдү жетелеп, ага жашоого үмүт берип, дүйнө элине, дүйнөдөгү кыргыздарга кайрылып жатыптырсың... Балким, кайрымдуулуктун эсебинен бай адамга айланып кетээрсиң. Андай болсо бул сага – Жараткандын берген белеги деп билсек болот. Ага эч ким ичи тардык, көралбастык кылып жолтоо болбош керек. Мен сени бул кызга байланып калат деп ойлобойм. Бул – Азис кыз Айнагүл менен канчага чейин жашаар экен деп дагы ойлобошубуз керек. Абдымалик өзүнүн миссиясы бүткөндө, бул кызга толук шартты түзүп берип, кете бериши мүмкүн.  Ал кыз дагы - Абдымалик түзүп берген шартка ыраазы болуп кала бериши керек. Турмуш чындыгы мына ушундай деп ойлойм.

 

Абдымалик “боорукермин” деп айтып жатат. Чындыгында эле ошондой болсо керек. Боорукер болбосо, эч бир намыстанбай, тартынбай, кыйынчылыктарга карабастан Азис кызга жардамга келбейт эле деп ойлойм. Майыптарды колунан жетелеп, алдыга – жашоого сүрөгөн №1 кыргыз – Абдымалик болду го дейм. Адам өмүрү кыска, Азис кызды бир күн жетелегени – 1 айга тете, 1 ай жетелегени – 1 жылга тете болгон кыска өмүрдү аябай кайрымдуулукка,  жакшылык жасоого кол сунганы, жашоодогу бардык кыйынчылыктарга каршы турууга даяр турганы үчүн Абдымаликке Алланын алкышы болсун, анткени Алла жакшылык жасаган, соопчулук жасаган адамдарга берчү сыйы – белеги бар экен. Газетадан окуганыбыз боюнча Россияда тызылдап чуркап, сага жеткенине жетиналбай бутуңа-бут, колуна-кол болуп чуркап концерттик билеттериңди сатып берген бир кыздан 3 балаң болсо керек эле. Ошол кызды дагы унутпашыңды суранам. Кайрымдуулукту тезинен аларга да жаса! Адбымаликтин өмүр жолунда – ай чырайлуу, жүрөгү таза, Абдымаликти терең сүйгөн, сыйлаган, анын айтканы менен болгон, жан дүйнөсүнө кирген акылдуу, периште сымал кыз жолугуп калып эле аны кармап калбаса аны эч ким токтото албайт, эч ким кармап кала албайт. Абдымаликтин турмуш жолунда жолуккан кыз-келиндер ага таарынбаш керек, “Абдымалик менден эмне үчүн кетип калды?”- деген суроону өздөрүнө бериши керек. Абдымаликке жолуккан дагы бир айымдын: “Абдымалик – аялга камкор адам экен, базарга барат, продукты алып келет”- деп жазганы бар. Абдымалик бир эле үй-бүлөгө күйпөлөктөгөн, күнүмдүк оокат менен алпурушкан адамдардан эмес экендиги, аялдарга таянып жашагысы келбегендиги көрүнүп турбайбы... Ал күйүп-жанган, улам бир идеяны ойлоп тапкан жаратуучу, жашоого кулачын кенен жайган энергиясы ашып ташкан уюштуруучу, таланттуу адам экен да. Акырында, Абдымалик жөнүндө кандай ойдо болбоюн, ал жөнүндө кандай жыйынтыкка келбейин: “Бар бол, кыргыздын жанып турган жылдызы”- деп макаламды аяктагым келет.

 

Раиса Сыргакова,

Бишкек шаарынын тургуну

Тел.: 0 703 89-29-86

 

Булак: “Майдан.kg” гезити