Сыягы, сулуулардын арты менен баягы эле шылуундар акча жасашат окшойт.

 

“Сулуулук дүйнөнү сактап калат” демекчи, кайсы заман, кандай өкүмдар менен гений болбосун, сулуу кыздардын алдында “багынып”, акыл-эсинен адашып келген. Ким билет, бүгүнкү биздин жашообуздун моралдык жактан өзгөргөндүгүнүн белгисиби же сулуу кыздарыбыз көппү, айтор жыл сайын “Кыргызстан сулуусу” сынагы өткөрүлүп келет. Жакында борбордогу ресторандардын биринде  республикабыздын ар кайсы аймактарынан келген бели ичке, мойну узун, ак шыйрак, көргөн эркекти “ах” дедирип “нокаут” кылган кыздардын  кезектеги сынагы өттү. Албетте, катышуучулар өздөрүнүн фигурасынан тышкары таланттарын дагы тартуулашып, калыстардын суроолоруна да жооп беришти. Жыйынтыгында жалпы упайлар боюнча ак-талаалык сулуу Бегимай Карыпбек кызы жеңүүчү деп табылды. Таажы кийген бийкечке "Дүйнө сулуусу" сынагына жолдомо менен 100 миң сом ыйгарылды. Бирок ал “Сүймөнкүл Чокморов ким болгон?”- деген суроого “белгилүү журналист” деп жооп берип, баарыбыздын оозубузду ачырды. Мындан да финалга чыкпай калган кыздардын биринин видеосу бул сынактын терс жагын көрсөтүп койду. Анда уюштуруучу кыз эркектер оозанбаган уят сөздөр менен сөгүнүп, четтетилген кыздын акчасын бербей койгондугу көпчүлүгүбүздү ирээнжитип койду. Мындан тышкары ар бир финалга катышуучуга ондогон миң сомдук билеттер мажбурлап саттырылган экен. Сыягы, сулуулардын арты менен баягы эле шылуундар акча жасашат окшойт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (291), 12.04.2017-ж.