Оштук белгилүү ырчы, тамада жана журналист Алтынай Жайнкова менен өзү, чыгармачылыгы, жашоого болгон көз карашы тууралуу маектештик.

 

 

- Алтынай, алгач “Майдан.kg” гезитинин окурмандарына өзүңдү тааныштырып өтсөң…

 

- Саламатсыздарбы, алгач эле кыргыз элимди жана “Майдан.kg” гезитинин жамаатын, ыйык Нооруз майрамы менен куттуктап өтөюн. Өзүмдөн баштасам, узун тарыхы бар Өзгөн жергесинин Бостон айылында туулуп, өскөм. Бала чагым Бостондо өттү десем болот. 8-классымдан баштап Москвада мектепти бүтүргөнмүн. Беш бир туугандын төртүнчүсү болом. 2 уул, 3 кызбыз. Кыздардын кенжесимин. Менден кийин да иним бар. Мектепти мыкты окуучулардын катарында аяктадым. Кесибим боюнча юристмин, учурда сырттан окуймун.

 

- Сени журналист гана эмес, ырчы, тамада да деп угабыз. Ошондуктан чыгармачылыгың тууралуу да айтып берсең. Кайсы ырларды ырдайсың?

 

- Туура, чыгармачылыкка аралашканыма эки жылдын жүзү болду. ОшТВда жарым жыл эмгектендим. Негизи алып баруучулук кесип мени өзгөчө кызыктырат. Мектеп курагында ар бир маданий иш-чараларда активдүү катышчумун. Кийинчерээк ар кандай той, мааракелерди алып барып жүрдүм. Азырынча ыр менен гана алектенип калдым. Музыкалык билимим жок. Роза Шүкүралиева деген эжекемден вокалдан сабак алып жүрдүм. Жан дүйнөм чыгармачылыкка гана тартып туруп алды. Анткени менин ырдап чыгышыма атам такыр каршы. “Атам мени түшүнөт” деген максат менен ыйык сахнага аттанып, аракетимди күчөтүп эле келем. Элдик ырларга көбүнчө басым жасаймын. Клиптери бар эле ырларымды соцтармактарга жүктөгөнмүн. “Ноорузга карата киргиземин”- деп клиптеримди даярдап, камдап отурган кезим. Албетте, жаныдан гана талпынып чыгып келип аткан ырчы болгондуктан, клиптеги ырдагы катачылыктарымды көрүп, кийинки чыккан клиптерде, ырларда оңдоону аракет кылып, ондодум да окшойт.

 

- Адатта ырчылардын чоң санага чыгышы, клиптерин тарттырышы жана концерт коюшу үчүн демөөрчү же колдоочу керек эмеспи. Мындан тышкары продюсери болушу зарыл. Сени материалдык жактан ким колдойт?

 

- Бирок мен продюсер менен иштешпеймин. Ал эми демөөрчүм да өзүмө-өзүм десем болот. Чыгармачылыктагы эл сүйгөн, мен сыйлаган эжелерим, агаларым, досторумдан кеңеш сурап иш алып барам. Учурдан пайдаланып, аларга көрсөткөн кеп-кеңеши, жардамы үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет.

 

- Алтынай, былтыр кыргыз коомчулугунда сенин милиция кызматкерлери менен болгон чыр-чатагың аябай сенсация болуп кетти эле. Ошол окуя тууралуу өзүң айтып берсең.

 

- Жогоруда болуп өткөн окуяны чындыгында эстегим деле келбейт. Анткени биз акыл эстүү адам баласы болгондуктан дайыма алдыга, жакшылыкка умтулуп жашашыбыз керек да. Ошондуктан милициялар менен болгон окуядан мен чыңалдым десем болот. Негизи мага жашоодо баары эрте келет. Айткым келгени, сынга да эрте кабылдым. Маңдайыма жазылган экен, көрдүм.

 

Тилекке каршы маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө мага карата бир топ сын пикирлер да айтылды. Алардын арасында адилет пикир айткандар да, аша чаап кеткендер да болду. Ошол эле учурда эл башкарган, журт башкарган эжекелерим жакшы сөздөрүн айтышып, башымды бийик көтөрүп жүрүшүмдү, чүнчүп кетпешимди талап кылышты. Башымдан өткөн окуяны кайрадан карап, таразалап көрсөм, мени жашоодо сүйүндүрүүчү, кубандыруучу да нерселер көп экен. Балким, ар бир адамдын деле жашоосунда турмушта жакшылык менен жамандык, ак менен кара, түн менен күн эриш-аркак жүргөндөй, мыйзам ченемдүү боло турган көрүнүш болсо керек. Инсанды жер бетине батпай калуучудай кылган, оор күйүттөр болуп келет. Андай мезгил менен турмуштун сыноосуна сынбай, көтөрүп өткөн, өз башынан өткөн кемчиликтер менен ийгиликтерден сабак алган адам гана туура жолдо баратат деп ойлоймун. Андай адамдардын арасында, менин окуям эч нерсеге татыбайт деп ойлоймун. Мен ушул окуядан кийин дагы бир нерсени түшүндүм. Мисалы, бир үй-бүлөөнүн ичинде жаман сөз, уруш-талаш боло берсе, кут, ырыскы, биримдүүлүк, бекемдүүлүк качкандай эле, Кыргызстан да ошондой абалда экен. Анткени эркеги, аялы, кызы, баласы дебей бири-бирибизди, а түгүл президентибизди, ыймандуу дин аалымдарын, эч кимди койбой каргап, шилеп атсак.... Ал кандай жыйынтыкка алып келет?

 

- Маегибиздин соңунда окурмандарга кандай каалоо-тилегиң бар?

 

- Чыгармачылыгымдагы улуу сапарымды уланта бермекчимин. “Майдан.kg” гезитинин жамаатына менин абалымды сурап, окурмандарга тааныштырып жаткандыгы үчүн чоң  ыразычылык бирдирем. Ал эми жалпы кыргыз элинде бейпилдик, мамлекетибизде өсүп-өнүгүү жана тынчтык болсун.

 

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити