Бишкек, "САЯСАТ.KG". Сулуулар сынагында баш байге дагы үч кызга берилген.
"Кыргызстан сулуусу" наамын Аяна Расул кызы алып, 200 миң сомдук сертификатка ээ болду. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары билдирди.
Сулуулар сынагында баш байге дагы үч кызга берилген. Алар:
Анара Эсенгелдиева, Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусуна" катышмакчы;
Медина Эрмекова, өлкө атынан Miss Grand International эл аралык сынагында ат салышат;
Сюзанна Уметова, Miss International эл аралык сынагына күчүн сынайт.
Аяна Расул кызы — ырчы Расул Маматкуловдун кызы, Айгерим Расул кызынын бир тууган сиңдиси. Сынакка жалпысынан 27 сулуу катышкан.
Булак: sputnik.kg