Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы КЭДП (НДПК) партиясын шаардык кеңешке өткөн шайлоодон чыгарууну чечти.

Бул маалыматты «Маралга» БШКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, АШК аталган партиянын добуш сатып алууга, тактап айтканда мыйзам бузууларга тиешеси бар деп чечим чыгарган. Азырынча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, ал эми Ошто төрт партия өткөн.

 Булак: Маралфм