Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.

Үкөктөрдөгү добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо 3 партия озуп чыкты.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңешке ат салышкан партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосун өтүшү керек.

Учурда 7 пайыздык босогону 3 партия ашып өттү:

- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 48,95%;

- “Улуттар биримдиги элдик партиясы” 17,76%;

- “Ыйман нуру” партиясына 8,19% добуш берилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саат 20:00дө шайлоо аяктаган.