Шайлоо мыйзамдарын бузган 3 адам камакка алынды.
Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага тергөөчүсү Артур Бит-Аврагим билдирди.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда 1 адам, Ош облусунда 1 адам жана Баткен облусунда 1 адам камакка алынган. Жалал-Абад облусунун тургуну «документ жасалмалоо» беренеси менен камакка алынса, Ош облусунун тургуну «алдамчылык» беренеси менен кармалган. Баткен облусунун тургуну шайлоо тилкесинен ноутбук уурдап кармалган. Бирок ИИМ маалымдагандай кийин ал адам коё берилген.
Булак: reporter.kg