Саат 8:00гө карата 2435 участокто добуш берүү жүрүп жатат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү үчүн 2483 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48 участок чет өлкөлөрдө иш алып барат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 11-апрелде брифинг учурунда билдирди.

Саат 8:00гө карата 2435 участокто добуш берүү жүрүп жатат. Кыргызстандыктар 28 шаардык кеңештеги 796 депутатты жана 420 айылдык кеңештеги 7560 депутатты шайлашат.

Өлкөдөгү 28 шаарда 59 партия талапкерлерин көрсөттү. Ал жактардагы 796 орунга 11 миң 782 талапкер ат салышууда. Бул 14 талапкер 1 орун үчүн күрөшүп жатат дегенди билдирет.

Булак: Баракелде