Бишкек, "Саясат. kg". Шаардыктар! Эгерде таза, ыңгайлуу,  коопсуз, байгер шаарда жашагыңыздар келсе, Нариман Тюлеев үчүн добуш бериңиздер!

 Мотордой  энергиялуу  адам

Көз карандысыздыктан бери Бишкекти канча адам башкаргандыгын шаардыктар унутуп деле калышты, алардын алды 4-5 жыл башчы болсо, арасында эки-үч күн тургандар да болду. Бирок, элдин эсинде калааны эки жыл жетектеген  Нариман Тюлеев гана калды. Эмне үчүн? Ал кандай инсандык сапаттары жана иштери менен башкалардан өзгөчөлөндү?

Нариман Тюлеев деген ысым биз үчүн - энергиясы танканын моторундай ашып-ташып, демилге, идеялары оргуштап,   алдыга койгон максатына жетмейинче өзү да тыным албаган, кол алдындагыларды да тынчытпаган, харизмасы саясаттан же кооз сөздөрдөн эмес, конкреттүү иштерден, натыйжалардан көрүнгөн инсан менен ассоциялашат. Ал – ишкер. Өзү айткандай, алгачкы жүз миллион долларды Кытайдан товар ташып жүрүп  азыркы күркүлдөрдүн көбү козголо, базардык экономиканын талаптарын түшүнүп, ойгоно электе эле топтогон ишкер. Адатта ишкерлердин көбү өз бизнестерин депутаттыктан башка кызматтарга айрыбаштагылары келишпейт, чынын айтсак, парламентке да өз бизнестерин коргоо үчүн гана барышат,ал жерде да эс-дарттары бизнестеринде болуп, аларын тумшуктуу, тырмактуулардан арачалап турушат. Нариман Тюлеев алардан өзгөчөлөнүп, динамикалуу  өнүгүп жаткан бизнесин жакындарына тапшырып, эл үчүн кызмат кылуу үчүн канын да, жанын да аябаган адам. Ал үчүн акчадан да элдин, ата мекенибиздин кызыкчылыктары кымбат. Анын мындай өзгөчөлүктөрү 2008-2010-жылдары Бишкекте мэр болуп турганда толугу менен ырасталган.

Бишкекке жаңыча темп, дем берген мэр

Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринин бири Зайнидин Курманов Н.Тюлеев мэр болуп турганда бир ирет аны менен түнкү саат 12де жолугушкандыгын эскерет. Ал мэрияга барса телефондор чырылдап, кызматкерлер ары-бери жүгүрүшүп, аппарат толугу менен иштеп жатыптыр. Ачыгын  айтыш керек, андай көрүнүштөр советтик мезглде гана болчу, жайкы, кышкы өнөктүктөр  кызыганда райондорду, шаарларды жетектеген  партиялык, мамлекеттик органдар түн жарымына чейин иштешчү. Ал эми көз карандысыздыктан кийин андай темпте, режимде иштөө   гана эмес, тапшырылган иштер боюнча персоналдуу жоопкерчилик, эл да унутулуп, мамчиновниктер өздөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип,  калгандыгы эч кимге жашыруун эмес.

Мамлекеттик  жана муниципалдык органдардагы андай бейкуттукту Нариман Тюлеев бузду. Ал мэр болуп шайланар замат борбор калаанын жетекчилигине  иш, иш жана дагы иш деген Стахановдукундай темпти киргизди. Ошол убакта түнкүсүн ары-бери өтүп калганыбызда мэриянын имаратынын терезелеринин баарынын жарыктары күйүп тургандыгын биз деле көрчүбүз. Борбор калаанын биринчи жетекчиси андай темпти баштагандан кийин анын аппаратында, калган түзүмдөрүндө иштегендер да каалашса, каалашпаса да андай темпке, тартипке көнүүгө аргасыз болушкан. Ошол убакта шаардын мекеме-уюмдары сааттай так иштеп калышкан.

Ал мэр катары кандай иштери менен эсте калды?

Мыйзамга ылайык, Бишкекте курулуп бүткөн  көп кабаттуу  үйлөрдөгү батирлердин 30  пайызы мэрияга өткөрүлүшү, ал социалдык колдоо катары кезекте тургандардын зарылдарына берилиши керек. Ал мыйзамдык талап Тюлеевге чейин аткарылган эмес, андан кийин да унутулду. Азыр ошол 30 пайыздык батирлердин кимдерге берилип жаткандыгы белгисиз. Ал негедир мамлекеттик жашыруун сырдан бетер ачыкка чыгарылбайт.

Алмазбек Атамбаев атайын кызматтарда, сот-прокуратура органдарында иштегендерге, аскер кызматкерлерине гана  көп кабаттуу үйлөрдү курдуруп берсе, азыр коррупционерлерден конфискацияланган батирлер УКМКда, күч органдарында иштегендерге гана берилүүдө. Ал эми Башкы прокуратурада, сот, УКМК органдарында иштегендердин абалдары жөнөкөй мугалимдердикинен, врачтардыкынан, муниципалдык кызматкерлерикинен да начар деп реалдуу турмушту таптакыр билбеген аңкоо гана ойлошу же кыйналгандардын абалдарын жеңилдеткиси келбеген кара мүртөз таш боор гана эсептеши, атайылап  жасашы мүмкүн. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, сот, прокуратура органдарында көп жылдар бою иштегендер батирден кыйналышарын элестетүүгө да кыйын.

Нариман Тюлеев мэр болуп турганда мына ошол салтты бузуп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, кезекте турган турмуш шарттары оорлорго батирлерди бердире баштаган. Батир жетпегендерге жер участокторун бергени калганда ыйманы жок “убактылуу ѳкмѳтчүлѳр”  аны кетиришип, Кыргызстандын экономикасындай эле, борбор калааны да он жылдайга артка кетирип ташташты.

Тюлеев жаңы конуштарга, кварталдарга муниципалдык наабайканаларды курдуруп, социалдык абалдары оор категориядагы тургундарга арзан нандарды таркаттырган. Ал борбор калаадагы Түштүк магистралын курдуруп, борбор калаанын транспорттук көйгөйүн жеңилдетти. Ал жол ушунчалык сапаттуу курулган экен он жылдан ашык убакыт өтсө да бир жери жыртыла, тешиле элек. Ал эми Бишкектин ичиндеги айрым жолдор жазында реабилитациядан өткөрүлсө, күзүндө жыртылып, тешиле баштагандыгын көрүп келатабыз.

Ал борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялап, эл эс алуучу жайга  айландырды.    Анкарага, Москвага барып, алардын тажрыйбаларын үйрөнүп, борбор калаанын ичиндеги, жаңы конуштарындагы жер тамдарды буздуруп, көп кабаттуу үйлөрдү курдуруу боюнча программаны жаңы баштаганда  аны кетиришти. Ал чындыгында аябагандай эл үчүн керектүү  жакшы программа эле. Анткени, эл динамикалуу өнүгүп жатканда калаанын чет жакаларына гана эмес, борбордук кварталдарына 10 кабаттан төмөн үйлөрдү, жайларды курганга уруксат кылуу жөн эле чарбасыздык, келечекки муундардын алдындагы кыянаттык болуп саналат. Анткени, азыр он кабаттан төмөн жайлар, үйлөр курулуп жаткан кварталдардын жерлери эсептелүү жылдардан кийин андагы жайлардан бир нече эсе кымбат боло баштайт. Алсак, азыр дүйнөдөгү мегаполистердин бир сотук аянты 40 миң доллардан 300-400  миң долларга чейин жетет. Эгерде  жер участокторун берүүнү токтотуп, жер тамдарды он кабаттан жогорку үйлөргө айландыруу боюнча программа ишке ашырылбаса, жакында Бишкектин чыгыш жагы -Токмокко, Батышы - Сокулукка кошулганы калды.

Нариман Тюлеев Кытайдан арзан автобустарды алып келип, Бишкектин транспорттук жүгүн кыйла жеңилдеткен. Ал Белоруссиялык ишкерлер менен сүйлөшүп,  автобустарды, троллейбустарды алып келдирүүнү баштаган. Коммуналдык кызматтардагы коррупцияны ооздуктап, борбор калааны таза шаарга айландырган. Нариман Тюлеевдин ысмы шаардыктар  үчүн тазалык, иреттүүлүк менен да ассоциялашат. Билишибизче, шаарда тазалыкты камсыз кылуу үчүн ар бири 40-50дөн атайын автоунаалуу  3 кызмат бар. Алардын ар бир автоунаасына акир-чикирлерди ташып чыгаруу үчүн күн сайын 60 литрден солярка бөлүнөт. Бирок, ал каражаттар максаттуу жумшалбай бир бөлүгү такай сол жакка кеткенден улам шаарда тазалык болбой жатат.

Нариман Тюлеев соляркалардын сол жактарга кетүүсүн токтотуп,  ал кызматтарды ачык, таза иштөѳгө мажбурлоо аркылуу  шаарды эки-үч айдын ичинде тазартканга жетишкен. Ал кеткенден кийин Бишкектин кварталдары, көчөлөрү, жаңы конуштары мурдагыдай таз кейпин кийип калды.

Ал Бишкекте акыр-чикирлерди иштетүүчү завод курганга да активдүү  киришкен. Анын кызматынын акыркы айларында  акыр-чикирлерди кайра иштетүү үчүн завод курганга 22 миллион евро келип түшсө, кийинкилер аны эмне кылгандыгы, кай жакка жумашашкандыгы белгисиз. Аны кийинки мэрлер тийиштүү кызматтардын жетекчилери менен бирге жөн эле сол чөнтөктөрүнө солоп коюшту окшойт.

Шаарга акыр-чикирлерди таңгактай турган трактордун алынып келингендигине беш жыл өтсө да ал бир күн да иштей элек. Бирок, ага иштеди делинип күн сайын 200 литрден соляркага акча  бөлүнүүдө. Ал акчалар кимдердин чөнтөктөрүнө түшүп жатат болду экен?

Тюлеев мэр болсо эмнелерди аткарат?

Нариман Түлеев өзүнүн “Ак Бата” партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде боло турган шайлоого катышууда. Анын партиясы көпчүлүк мандатка ээ болуп (ага толук мүмкүнчүлүгү бар), өзү мэр болуп шайланып калса, эмнелерди аткарат?

Ал борбор калаанын 9 маселесин тезирээк чечүүнү алдына милдет кылып койгон.

Биринчиси. Ал бюджеттик эмес кирешелердин эсебинен жана эл аралык уюмдардын гранттары жана фондулардын жардамдары аркылуу 1000 автобусту сатып алып, транспорттук байланышты кескин жакшыртып, маршруттук таксилердин иштөө тартиптерин европалык стандарттарга ылайык келтирет.

Экинчиси. Ал Бишкекке айланма (кольцевая) жолду куруп бүткөрөт. Эгерде ал 5-6 жыл мэр болуп иштесе, метро курууну ишке ашырарына да  ишенсе болот.

Үчүнчүсү. Бишкектин айлана –тегерегиндеги 47 жаңы конушту тазартып, жашылдандырып, газдаштырып, канализацияга кошулган үлгүлүү микрорайондорго айландырат.

Төртүнчүсү. “Ак-Бата” партиясы көпчүлүк мандатка ээ болуп, мэр болуп шайлангандан кийинки жакынкы айлардын ичинде заманбап 800 лифтти алып келип, көп кабаттуу үйлөргө орнотот.

Бешинчиси. Көп кабаттуу үйлөрдү Астана, Алматы, Ташкент сыяктуу үйлөрдөгүдөй эстетикалык жактан жасалгалап, кварталдардын кооздугун арттырат.

Алтынчысы. Социалдык жактары аярлуу  бюджеттик кызматкерлер, материалдык абалдары оорлор үчүн көп кабаттуу үйлөрдү массалык түрдө курууну  колго алат.

Жетинчиси. Шаардыктардын мектептерге, балдар бакчаларына болгон муктаждыктарын чечет.

Сегизинчиси. Пенсионерлерге жана социалдык абалдары оор категориядагы тургундарга электр жарыгы жана жылуулуктан пайдалануу боюнча субсидияларды киргизет.

Тогузунчусу. Кыска мөөнөттүн ичинде акыр-чикирлерди кайра иштетип, энергия жана өндүрүш ишканалары үчүн заттарды даярдоочу заводду куруп бүтөрөт.

Нариман Тюлеев  сөздүн эмес, иштин адамы. Шаардыктар! Эгерде таза, ыңгайлуу,  коопсуз, байгер шаарда жашагыңыздар келсе, Нариман Тюлеев үчүн добуш бериңиздер!

Буйрутмачы: “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна (катталуу №38. 20.02.2021-ж.) “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна тарабынан  төлөндү. Даярдоочу: “Майдан пресс” ЖЧКнын “Саясат.kg” маалымат порталында буйрутмачынын даяр түпнуска-материалынан жарыяланды. Келишим 2021-жылдын 31-мартында түзүлгөн. Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 1/2.