Бишкек, "Саясат. kg".  “Ак Бата” партиясынын программасындагы башкы тезистер


“Дарыгерлерге, мугалимдерге, маданият кызматкерлерине турак-жай!”

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “- Биздин команда шаардык бийликке келсе, мугалимдер, дарыгерлер жана маданият кызматкерлери жана бюджеттик тармактын кызматкерлери үчүн турак-жайларды куруу долбоорун кайрадан баштайбыз. Бишкекте ушул категориядагы шаардыктардын турак-жай маселеси курч турганы баарыбызга белгилүү. Мамлекет да бул боюнча өз милдетин аткарып, карыздарынан кутулушу керек.  “Ак Бата” партиясы шайланып келсе жогорку категориядагы жарандар үчүн ипотекалык насыя берүү долбоорун үстөгү жана алгачкы төлөмү жок ишке киргизүүнү баштайбыз”.

“Коопсуз шаар” бизнес үчүн эмес, эл үчүн!

“Ак Бата” саясий партиясынын программасынан: “Коопсуз шаар” долбоору абдан керек, бирок ал карапайым адамдар үчүн эмес, бизнес жана аткаминерлер үчүн иштөөдө. Анткени бул долбоор үчүн адегенде жолдорду иретке келтирүү зарыл. Эгер биздин команда шаардык бийликке келсек, бул абалды 3, 4 айдын ичинде оңдойбуз. “Коопсуз шаар” долбоору андан ары “акылдуу” шаарды куруунун баскычы болот. Биз Бишкекти заманбап, жашоого ыңгайлуу шаарга айлантууга болгон күчүбүздү жумшайбыз. Бара-бара Бишкектин борборун Нью-Йорк, Москва же Лондондогудай жөө адамдар жүрө тургандай абалга келтиребиз”.

Пенсионерлерге күндө бекер нан!

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “Күнүмдүк азык-түлүккө баалардын тынымсыз өсүп жатканы - пенсионерлердин өп-чап жашап жатканын далилдеп турат. “Ак Бата” партиясы Бишкек шаардык кеңешине, мэриясына келсе пенсионерлерди, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү күндө бекер нан менен камсыз кылабыз. Муну ишке ашырууга болот. Урматтуу аталар, апалар, биз сиздерге кам көрүүгө, жардам берүүгө милдеттүүбүз! Ошон үчүн “Ак Бата” партиясын шайлап, ак батаңыздарды берип коюңуздар!”.

Мугалимдерге, дарыгерлерге жана пенсионерлерге ай сайын кошумча төлөмдөр!

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев мугалимдерге, дарыгерлерге жана пенсионерлерге ай сайын шаардык бюджеттен кошумча каражат төлөөнү приоритеттүү милдет катары эсептейт. Нариман Тюлеев жетектеген команда шаар бийлигине келип, мындай кошумча төлөмдөрдү жыл сайын 100 пайызга көбөйтүп турууну пландоодо. Эгер Н.Тюлеев шаар мэри болуп шайланса, аярлуу катмардагы шаардыктар үчүн кошумча төлөмдөрдүн суммасы 1500 сомдон 5000-7000 сомго чейин жетмекчи.

“Таштандыны кайра иштетүүчү завод курам!”

Таштанды талаасы Бишкекти абасы уулуу шаарга айлантууда. Таштанды иштетүүчү завод куруу көп жылдан бери айтылып келгени менен ишке ашпай келди. Эми Нариман Тюлеев жетектеген “Ак Бата” партиясы таштандыны кайра иштетүүчү завод куруунун жоопкерчилигин толук өзүнө алат. “Ак Бата” саясий партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “Таштандыны кайра иштетүүчү завод курам! Мындай заводду куруу үчүн чоң акыл эмес, болгону эрк гана керек!”

“Айланма жолду да курам!”

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “ - Бишкекте айланма жол куруу популизм эмес. Айланма жолду магистраль менен Москваныкындай кылып туташтырсак болот. Бишкек заманбап мегаполис шаардын деңгээлине чыгышы керек. Азыр Бишкектин бюджети 10 млрд. сомго жетти. Ушул каражатты туура бөлүштүрсө бардыгына жетет. Эгер “Ак Бата” партиясы шаардык кеңешке шайланып келсек, төрт жылдын ичинде Бишкекте айланма жол сөзсүз курулат. Буга каражатты табабыз. Биздин партия шааркеңешине келсе, Бишкектин бюджетин онлайн системага өткөрүп, ар бир шаардык канча каражат түшүп, алар кайда жумшалганын көрүп тургудай кылабыз.”

Сапаттуу жолдор, ыңгайлуу тротуарлар жана веложолдор!

Жолдор Бишкектин башкы көйгөйү. “Ак Бата” партиясы муну кантип чечүүнүн жолун билет. Дүйнөлүк тажрыйбадан Бишкекке туура келген үлгүсүн алса болот. Бул “акылдуу жол түйүндөрү”, трафикти көзөмөлдөө менен “акылдуу” жол чырактары, бурулуштарга “жол чөнтөкчөлөрүн”, каптал тилкелерди да салып, жолдорду туура бөлгөн белгилер коюлса, жол тилкелери көбөйөт. Дүйнө жүзүндө ушундай жасашат. Партиянын лидери Нариман Тюлеев: “Биздин партия шайланып келсе, ар бир көчөгө, бурулушка чейин жетебиз. Жер алдындагы өтмөктөрдү жеке менчик бизнеске өткөрүп берүү керек. Эгер “Ак Бата” партиясы шайланып келсе, мэр шайланат. Шаардын мэри ар бир шаардык көчөлөрдө, коомдук жайларда жүргөндө өз камкордугуна алууга ар убак даяр”.

“Ар бир үйдүн короосун оңдойм!”

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев: “Көп кабаттуу үйлөрдүн ар биринин короосу жакшы каралып, жагымдуу келбетке келтирилиши керек. Тилекке каршы, көп үйлөрдүн короолорунун абалы начар. Мындай короолор тынымсыз жашылдандырылып, ар бир короодо балдар аянты жана спорт аянттары болушу турмуштун талабы. “Ак Бата” партиясынын программасында көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун оңдоо, үйлөргө кире бериштерди асфальттап, эскирип, жок болуп калган тротуарларды жаңыртып, отургучтарды жана урналарды орнотуп, сырткы жарыктандыруу иштерин жүргүзүү каралган. Мен мэр болуп шайланаарым менен, ар бир короону жашылдандырабыз, башаламан машина коюуларды тартипке салабыз, короолордо балдардын, спорттун зоналары: футбол жана баскетбол аянттары пайда болот”.

“Ар бир үйгө жаңы лифт!”

Заманбап шаарлаштыруунун башкы багыты - шаар туурасынан эмес, бийиктикке карай өсүшү керек. Анын ажырагыс элементи – көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттер. Турак-жай фондусунда лифттердин коопсуз иштөөсү, аларды убагында алмаштыруу жана тынымсыз иштетүүдөн шаардыктардын комфорттуу жашоосу көз каранды. “Мен шаардагы ар бир үйдүн, шаардыктардын муктаждыгын жакшы билем. Эгер шаардыктар мени жана “Ак Бата” партиясын шайлашса, биз бул көйгөйлөрдү чечүүнү толугу менен мойнубузга алабыз”, - деди “Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеев.

Жыл сайын 1 000 000 бак-дарак!

“Ак Бата” саясий партиясынын жана анын лидери Нариман Тюлеевдин шайлоо программасынын өзөгүн Бишкекти горизонталдуу да, вертикалдуу да жашылдандыруу түзөт. Аталган партия Бишкек шаардык кеңешине шайланып келсе, бак-дарактарды отургузууну жылына 1 000 000го жеткирүү милдетин алып жатат. Себеби жашылдандыруу шаардыктар үчүн аба менен суудай зарыл, Бишкектин дем ала турган өпкөсү, шаардын келечеги. Шаардыктар бетон, темир менен кыштын курчоосунда жашап, дем алган абасы ыш жана булганыч болуп жатат. Нариман Тюлеев баштаган “Ак Бата” партиясы шаардык муниципалитетке келсе, жылына 500 миңден кем эмес бак-дарактуу тосмолор, 1 000 000дон кем эмес бак-дарактар отургузулат.

“Бишкек айымдар үчүн, балалуу энелер үчүн ыңгайлуу болушу керек”

Азыр Бишкекте кыздар, келиндер дегеле айымдар шиш такалуу туфли менен жүргөнүн байкай албайсың. Эгер жакшынакай такалуу бут кийим менен көчөгө чыксаң, кетилген, аң-чөнөк тротуарлардан кийин туфли бат эле жарабай калат. Нариман Тюлеев: “Шаардыктар, айрыкча айымдар шаарыбыздын эстетикалык энергетикасын аныктоонун көрсөткүчү. Балдарын коляскада алып жүргөн энелер, кыздарыбыз, айымдарыбыз, апаларыбыз үчүн шаарда жүрүү, парктарда эс алуу ыңгайлуу жана коопсуз болуусу зарыл. Аялзатына камкордук көрүү биздин, эркектердин негизги милдети”. 

“Жаңы парктар, гүлбактар курулат”

“Ак Бата” партиясынын программасында дүйнөлүк стандарттарга туура келген, заманбап эс алуу парктарын, эс алуу зоналарын көбөйтүү бар. Азыр начар абалда турган Ботаникалык бактарын муниципалдык менчикке алып, Нью-Йорктун Борбордук паркындай парк куруп, шаардыктар сыймыктана турган жайга айлантабыз”,- деди Нариман Тюлеев.

“Спорт жеткиликтүү болушу керек”

“Биз Бишкектин ар бир районунда муниципалдык спорттук борборлорду куруп, аларда спорттун бардык түрлөрү менен балдар бекер машыга тургандай шарт түзөбүз. Себеби бардык эле шаардыктардын, алардын балдарынын жеке менчик спорт жайларында ден соолук чыңдоого мүмкүнчүлүгү жок. Мындан тышкары Бишкекте сапаттуу веложолдор да салынып, велосипед тебүү шаардыктардын сүйүктүү спортуна айланат.”

“6-кичирайондогу суу жээги шаардын эс алуу зонасына айланат” 

“6-кичирайонундагы суу жээгиндеги башаламан курулуш шаардыктардын нааразылыгын жаратууда. Бул суу жээги бишкектиктердин эс алуу жайына айланат. Жөө жүрүүчүлөр зонасын ыңгайлуу жасап, суу үстүндө кинотеатр ачуу планы бар. Курулуш мындан ары жаңы конуштарда жүрүшү зарыл. Жаңы конуштарда жакшы курулуштар жүрүп, алар саман курчоодон экологиялык таза жашыл курчоого айланышы керек!”

 “Ак Бата” партиясы шаардыктардын бардык проблемаларын чечүү жоопкерчилигин мойнуна алат!

Бишкек кыялдагыдай шаарга айланат!

“Ак Бата” саясий партиясы № 19

 

Буйрутмачы: “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна (катталуу №38. 20.02.2021-ж.) “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна тарабынан  төлөндү. Даярдоочу: “Майдан пресс” ЖЧКнын “Саясат.kg” маалымат порталында  буйрутмачынын даяр түпнуска-материалынан жарыяланды. Келишим 2021-жылдын 31-мартында түзүлгөн. Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 1/2.