Бишкек, "Саясат. kg". "Нариман Тюлеев өзү шаардык системаны ичинен билген, тажрыйбалуу жетекчи”.

“Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Тюлеевдин, партиянын талапкерлеринин Бишкектин бардык райондорунун жашоочулары менен жолугушуулары жандуу, уу-дуу болуп өтүп жатат. Шаардыктар таштандыдан тартып, Бишкектин өнүгүшүнө, келечегине байланыштуу курч суроолорду беришип, ар бир шаардыктын тынчын алган маселелер кеңири айтылып, талкууланууда.

“Бишкекке ишинен майнап чыгара алган чарбачыл жетекчи зарыл! “Ак Бата” партиясынын программасы да реалдуу түзүлгөн. Анда шаардын негизги проблемалары толук иликтенип чыгып, аларды чечүүнүн жолдору так көрсөтүлгөн. Нариман Тюлеев өзү шаардык системаны ичинен билген, тажрыйбалуу жетекчи”, - деди “Ак Бата” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Амантур Молдоташев.

Бишкектин Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунун жашоочулары, бардык конуштардын тургундары №19 “Ак Бата” партиясын, анын лидери Нариман Тюлеевди колдой тургандыгын билдиришти.

Буйрутмачы: “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна (катталуу №38. 20.02.2021-ж.) “Ак Бата” саясий партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдымажимова Толгонай Абдымажимовна тарабынан  төлөндү. Даярдоочу:  “Майдан пресс” ЖЧКнын “Саясат.kg” маалымат порталында  буйрутмачынын даяр түпнуска-материалынан жарыяланды. Келишим 2021-жылдын 31-мартында түзүлгөн. Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 1/