Добуштарды кол менен эсептөө боюнча, Садыр Жапаровду шайлоочулардын 83% колдогон
Адахан Мадумаров дагы эле экинчи орунда
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Демек, Садыр Жапаров 83,9% добушка ээ.
Төмөндө калган президенттикке талапкерлердин тизмеси келтирилген:
- Канатбек Исаев - 0,35%
- Арстанбек Мыктыбек - 1,27%
- Клара Сооронкулова - 0,57%
- Имамидин Ташов - 1,35%
- Абдил Сегизбаев - 0,97%
- Адахан Мадумаров - 5,57%
- Аймен Касенов - 0,56%
- Улугбек Кочкоров - 0,63%
- Жеңишбек Байгуттиев - 0,04%
- Элдар Абакиров - 0,32%
- Курсан Асанов - 0,42%
- Арстанбек Абдылдаев - 0,09%
- Равшан Джээнбеков - 0,18%
- Бактыбек Калмаматов - 0,51%
- Бабыржан Толбаев - 1, 50%
- Каныбек Иманалиев - 0, 12%
- “Баарына каршы” - 0, 89%
Добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча Садыр Жапаров 78 пайыз менен алдыда келе жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.
Булак: vesti.kg