Саат 16:00: Шайлоочулардын 26,59 пайызы добуш берди

Кыргызстандын аймагында саат 16:00гө карата жалпы 947 614 жаран мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумга катышып, добуш берди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматы боюнча, президенттик шайлоого добуш берген шайлоочулардын саны жалпы тизмеден 26,59 пайызды түздү.

Шаарлар менен облустардагы көрсөткүч:

- Бишкек шаарында 25,24 %;

- Ош шаарында 30,57 %;

- Жалал-Абад облусу боюнча 27,33 %;

- Ысык-Көл облусу боюнча 31,61 %;

- Нарын облусу боюнча 30,21 %;

- Ош облусу боюнча 26,79 %;

- Талас облусу боюнча 24,98 %;

- Чүй облусу боюнча 22,39 %;

- Баткен облусу боюнча 27,84 %.

- Учурда чет өлкөлөрдө 7 384 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 14,92 пайызын түзөт.

Булак: Баракелде