Бишкек, "Саясат. kg". Мыйзам бузуу табылган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы  5-январда үгүт иштери боюнча талапкерге эскертүү берүү тууралуу сунушту карады. Жыйында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган шоуго байланыштуу иш да каралды. Жыйынга катышкан Садыр Жапаровдун өкүлү Александр Мощин ал жерден эч кандай мыйзам бузуу көрбөгөнүн айтып, театрлаштырылган шоуну штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурганын баса белгиледи.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерге эмес, уюштуруучуларга эскертүү бериш керектигин айтты. Жыйындын аягында, Садыр Жапаровго эскертүү берилбей турган чечим чыкты.

Эске салсак, Садыр Жапаров  Караколго эл менен жолугушууга барганда, аны ал жердегилер театрлаштырылган шоу менен тосуп алышкан.