Баткен облусунда 217 шайлоо участкасы даярдалды
Баткен облусунда шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 264тү түздү. Облус аймагында 217 шайлоо участкасы даярдалды.
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 5-январга карата үйүндө добуш берүү үчүн 67 арыз келип түшкөн, кызматына байланыштуу 3190 жаран “форма№3” ыкмасы менен добуш берет.
Шайлоо участкаларын электр энегриясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, электр генераторлору коюлду. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.
Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкалары санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.
Шайлоо күнү добуш берүүгө келген жарандардын саламаттыгына көңүл буруу үчүн 434 медицина кызматкери, коомдук тартипти сактоо үчүн 880 милиция кызматкерлери тартылат. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуун уюштурулду.
Президенттик шайлоо жана референдум ушул жуманын соңунда өтөт.
Булак: Маралфм