Бишкек, "Саясат. kg". Мындай колдоонун сыры эмнеде?

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын кийинки тагдырын аныктаган президенттик шайлоо өткөнү турат. Көпчүлүк Садыр Жапаровдуу кызуу колдоого алууда. Бул карандай, кургак, жасалма сөздөр эмес. Азыркы чындык ушундай. Көчөгө чыгып биринчи эле кезиккен адамдан “Шайлоодо кимге добуш бересиз?” деген суроону берип көрүңүз, “Садыр Жапаров” деген жооптун ыктымалдуулугу 80 пайызга барып такалат. Мындай колдоонун сыры эмнеде?

В. Лениндин «Төмөнкүлөрдүн» мурункудай жашай албай, ал эми «жогоркулардын» мурункудай башкара албай калышы – революциялык кырдаалды жаратат” деген классикалык эрежеси Кыргызстанда 3 жолу кайталанды. Бирок тилекке каршы ошол 3 жолку төңкөрүш, эки жолку кандуу окуялар эч нерсени өзгөрткөн жок.

Акевдик, бакиевдик, отунбаева, атамбаевдик, жээнбековдук бийлик өлкөнү эмнеге алып келип такады? Эгерде, карандай фактынын тили менен айтсак, өлкөдө саясий реформаларга, эч качан турмушка ашпаган стратегияларга, экономикалык амбицияларга болгон имитация гана жасалып келди. 30 жылдык тарых, эч бир эл бийлеген журт башчыларына саясий сабак да, саясий акыл-эс да берген жок.  “Баягы, баягы бай кожонун таягы” болуп, келген президент өз кызыкчылыгынан өйдө боло албады.

Тышкы карыз апогейине жетти. Жылдык дүң жыйым ар бир адам башына 200 долларга жетпеген өлкөдө коррупциянын эбегейсиз деңгээли өлкөнү экономикалык коллапска, бүтүндөй бир стагнацияга алып келди. 2020-жылдын акыркы маалыматы боюнча өлкөнүн тышкы жана ички карыз өлчөмү $4 млрд 824,01 млн.АКШ долларына жетти, башкача айтканда, улуттук валютага которгондо, ал 370 млрд  268, 71 млн сомду чапчыйт. Жылдык дүң жыйым ар бир адам башына 200 долларды түзсө, ошол эле учурда  өлкөнүн тышкы карызы адам башына 700 долларды чапчыды.

Коррупция, жакындарын бийликке алып барган кландык башкаруу, бюрократия, жакырчылык, криминалдын күчөшү, сот, укук коргоо органдарынын адилетсиздиги сыяктуу 30 жылдан бери топтолуп келген көйгөйлөр элди нааразы гана кылбастан, эми жийиркенте баштады. Элдин бийликке болгон жек көрүүсү жетээр жерине жетип турганда, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эбепке себеп болду. Эч бир саясий топтордун уюштуруусу, ээрчитүүсү, чакырыгы жок эле эл жарылып кетти. Жалпы элдин протесттик маанайын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп кетмейди адат  кылган саясий күчтөргө бул жолу чечкиндүү жооп берилди. Эл күтүүсүз жерден жаңы лидерди, элдик лидерди, Садыр Жапаровду көтөрүп чыкты.

Саясат - тагдыр, ошол тагдыр гана саясатчыны тарбиялайт, курчутат. Садыр Жапаров ачуу тагдыр аркылуу күрөштүн чордонунда курчуган кыргыз саясатчысы. Өлкөнүн отуз жылдык тарыхында башына канчалык оор күндөр түшпөсүн, кыйын күндөр азапка салбасын, кабат-кабат сыноолордун бешенеден кечирбесин, Садыр Жапаровдун кайратын, мекенчил сезимин, чындыгын эчтеке мокото албады, сындыра албады.

А, мүмкүн, Садырдын саясий феномени да ушунда чыгар?..

Ал эң облу акыйкатсыздык менен күрөшүүнү тандап алды. Өзү көргөн акыйкатсыздыкты, адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты, “Элим көрбөсүн”, - деп чыкты. А, балким Садырдын адамдык бийик ар-намысы да, көтөргөн туусу да ушул айныксыз Чындык чыгар. Өлкөнү отуз жыл бою Адилетсиздик, Акыйкатсыздык, Мыйзамсыздык ичтен ириңдетип, сүлү курттай сооруп келди. Эл муну эч качан унута албайт, эч качан кечире албайт. Эми элдин айтаар кези, эми элдин чыныгы тандоо мезгили келди. Элдин тандоосу – Садыр Жапаров экени мына бүгүн даана байкалууда.

Жылдыз Жолдошева, экс-депутат

  • Садыр Жапаровдун эң башкы өзгөчөлүгү ал өтө боорукер, адамкерчиликтүү адам. Дагы бир өзгөчөлүгү ал кайсы ишке киришпесин өтө ынытзарлык менен баштаган ишин аягына чыгарат. Сөз берсе аны сөзсүз аткарат, эгер жок десе, кимди ортого салба аны аткарбайт.

Ким президенттикке татыктуу экенин биринчи жолу эл өзү тандап, эл өзү алдыга сүрөп чыгып атат. Буга чейин тарыхыбызда мындай болгон эмес. Элдин 80 пайызы чын жүрөгү менен колдоп жаткан соң, Садыр Жапаров дагы Исхак Раззаковдрой эл үчүн, мамлекет үчүн ак иштеп берет деген ишеним күчтүү.

Мелис Арып-Бек, эркин журналист

  • 5-октябрдагы окуяларда Садыр Жапаровдун накта көрөгөчтүгү, керек болсо, акылман кеменгерлиги, кечиримдүүлүгү менен курчуган кырдаалды мыйзамдык талаага кайрыды. Ал күндөрдөгү Садырдын эрдигин учуру келгенде тарыхчылар баасын беришер. Азыркы учурда, калдайган калың калк өз баасын берип жатат. Анткени, ал кайсыл жакка калк менен жолуугуга барбасын, эл селдей агылып, деңиздей толкуп Садырды угууга келүүдө. Бул дагы бекеринен эместир. Антпесе, азыркы кыштын кычыраган суугунда, кары-жашы дебей стадиондорго кылкылдаган эл толуп: “Садыр эле Садыр!” – деп жабалактап жалындап турушмак эмес. Он миңдеген калдайган калкты кандай зор күч чогултмак эле? Элдин эңсеген ишеними үмүтү аларды кездешүүгө агылтып алып келип жатат.  

Марат Казакпаев, саясий эксперт

  • Элдин колдоосу чынында күчтүү. Муну барыбыз эле көрүп атабыз. Кыргызстандагы саясий талаада жүргөндөр элдин ишениминен калышты. Жакырчылык абдан көбөйдү. Эл жаңыланууну күтүүдө. Аны дал ушул Садыр Жапаров менен байланыштырууда. Эл кимдин ким экенин жакшы билип калды. Садыр Жапаровдун эрктүүлүгү, айтканын аткарган убадага бекемдиги элдин эртеңкисине болгон үмүтүн жандырып жатат. Буйруса эл колдоп берет. Эң негизгиси эми элдин ошол ишенимин акташ керек.

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 03.01.2021-ж