Бишкек, "Саясат. kg". Садыр Жапаровго болгон элдик колдоонун күчтүүлүгүн бир канча социологиялык сурамжылоолордун мисалында бышыктоого болот.

Кыргызстан тарыхый чоң бурулуштун алдында турат. Мындай оптимисттик жыйынтык чыгаруунун бир канча себептери бар. Бул жолку президенттик шайлоодо башка өлкөнүн түртмөлөөсү же дагы бирөөнүн көчүн улоочу эмес, эл өзү көтөрүп чыккан талапкер Садыр Жапаровго көпчүлүктүн көңүлү түз болуп турат. Садыр Жапаров саналуу күндөрдөн кийин өтүүчү президенттик шайлоого артынан жаман сөз ээрчитпеген таза жолу, айтканын аткарган эрктүүлүгү, 15 жылдык саясаттагы зор тажрыйбасы, жүрөгүндөгү бекем ыйманы, эң негизгиси калың элдин колдоосу менен баратат. Шайланып калса, көп күттүрбөй өлкөбүздө жакшы өзгөрүүлөр болооруна өзү да, эл да бекем ишенип турат.

Мындан туура 100 жыл мурун 1920-жылдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Иманаалы Айдарбеков ж.б. аталарыбыздын аркасы менен азыркы мамлекеттүүлүгүбүздүн алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Кыргыз эли илим-билимге ээ болуп, цивилизациянын алгачкы баалуулуктарын колдонуп, жашоолору өзгөрө баштаган. Бул кылымдын 20-жылдары да Кыргызстан тарыхынын гүлдөп - өскөн жаңы барагын ачып берет деген ишенич чоң. Ал үчүн бизде баары жетиштүү. Эмгекчил, билимдүү элибиз, баалуу кендерибиз, керемет жаратылышыбыз, таза суубуз айтор баары бар. Болгону ынсаптуу, эл ырыскысына кол салбаган адилеттүү башкаруучуларга жетпей келгенбиз. Буйурса, ал кемтигибиз да орундалып, акыйкат, адилет иштеп берчү президентке да ээ болуунун ыңгайы келип турат. Дыйканы менен мамлекеттик кызматкери, шаардыгы менен айылдыгы, түндүгү менен түштүгү бир ооздон “Садырлап” ураан чакырып жатышы да жөн жерден эмес. Бул ишенич - Садыр Жапаровго артылган чоң жоопкерчилик, зор үмүт.

Садыр Жапаровго болгон элдик колдоонун күчтүүлүгүн бир канча социологиялык сурамжылоолордун мисалында бышыктай кетсек.

Көз каранды эмес "Борбордук Азиянын Барометри" регионалдык институту жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы Садыр Жапапровду президент катары көргүсү келет. Ошол эле сурамжылоого катышкандардын 80 пайызы Садыр Жапаров сунуштап жаткан президенттик башкарууну колдошот.

 “Борбор Азиялык Барометр” институту - башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан коомдук пикирди сурамжылоо боюнча адистешкен регионалдык көз каранды эмес институт.

Ошондой эле Кыргызстандагы популярдуу делинген, эң көп окулган маалымат булактары болгон super.kg жана akipress.kg агенттиктери жүргүзгөн “10-январдагы президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?” – деген сурамжылоого катышкандардын көбү да Садыр Жапаровдун атын атаган. Ал эми Садыр Жапаровду анча жактыра бербеген оппозициялык маанайы күчтүү factcheck.kg маалымат булагынын иликтөөлөрүндө социалдык түйүндөрдөгү активдүү колдонуучулардын 66,3 пайызы С.Жапаровду жакташаарын ачыктаган.  

 Садыр Жапаров Кыргызстанда эле эмес, эл аралык аренада да таскагы катуу чыга баштады. «Интерфакс-Украина»  маалымат булагы жакында эле дүйнөнү дүңгүрөткөн саясатчылардын ондугун атап, арасына Кыргызстандын президенттигине талапкер Садыр Жапаровду дагы киргизиптир. “2020-жылдагы жеңүүчүлөр” - деп аталган рейтинг төмөндөгүдөй тартипте түзүлгөн:

Ильхам Алиев (Азербайжан)

Режеп Тайып Эрдоган (Түркия),

Нарендра Моди (Индия),

Си Цзиньпин (Кытай),

Камала Харрис (США),

Виктор Орбан (Венгрия),

Садыр Жапаров (Кыргызстан),

Ингрида Шимоните (Литва),

Майя Санду (Молдова)

Луис Арсе (Боливия).

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 30.12.2020-ж