Бишкек, "Саясат. kg". С.Жапаров: Жалпы элдин үнүнө кулак салышыбыз керек. 10-январь күнү эл кандай десе, ошондой болот!

-Учурда Конституциялык реформа коомдун кызуу талкуусуна алынууда. Каршы болгондор менен катар колдоп жаткандар да көп. Конституция шашылыш, чийки жазылды  дегендер да болуп атат?

- Конституциянын бүгүнкү долбоору  – 2010-жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор. 2010-жылы Ө. Текебаевдин долбооруна альтернатива катары киргизилген болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Бул 10 жылдан бери кайра-кайра талкууланып жүргөн, курултайчылар жыл сайын чогулганда талкуулап келишкен Конституциянын долбоору. Мен болгону эки гана сунуш киргиздим. Архивдерди көтөрүп, карап көрсөңөр болот. Мунун башында Азимбек Бекназаров, Байас Турал, Кадыр Кошалиев, Бекбосун Бөрүбашев баштаган 20дан ашык адам турат. Бул бир кишинин эмес, бир канча академик, илимдин докторлору, кандидаттары, ар кандай уюмдар чогулуп иштеп чыгышкан. Бул бир. Экинчиден, парламент, президент, өкмөт деген үч баштуу бийликти өзгөртүп,президент өкмөттүн да жоопкерчилигин өзүнө алсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Бүгүн парламенткешайлоодон утуп келген 3 партия мамлекетти үчкө бөлүп алат дагы, бардык кызматтарга билими туура келгенин, келбегенин коюп, мамлекеттик кызматтын абийирин кетирип жатышат. Бүгүн аксап турганыбыздын да себеби ушундан болуп атат. Эми мындай болбосун, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. 2010-жылдагы Конституциянын кесепетинен бүгүн биз сазга баттык. Президент менен Өкмөттү бириктирип, бир эле аппарат болсун. Анан курултай кирсин деген сунушубуз бар. Эгер, мен, алар айткандай хандык конституция менен жашагым келсе, дал ушул азыркы конституция менен кете бермекмин. Анткени, бүт бийлик азыркы Президенттин колунда. премьерди дагы, спикерди дагы Президент өзү коёт. Утуп келген партиялар:“ким премьер, ким спикер болот?” – деп Президенттин көзүн карап отурат. Президент: “тигини премьер, тигини спикер кылгыла, тиги үчөөң коалиция түзгүлө, тиги экөөнү оппозицияга калтыргыла” – деген 10 жылдан берки накта хандык Конституция - мына бүгүнкү Конституция. Соттордун баарын Президент дайындайт. Райондукун, областтыкын, Жогорку сотту, Конституциялык палатаны, бүт баарын Президент шайлайт. Ошондуктан мага жеке кызыкчылыктын кереги жок. Мага тез арада саясий реформаларды жасап, саясатты жыйыштырып туруп, баарын ак барактан баштап, экономика менен алек бололу деген ниет бар. “Конституциялык кеңешме түзөлү. Ошолор карасын” – дедик. Бүгүн ар тармактын өкүлдөрү болгон, академик, юридика илимдеринин докторлору, кандидаттары, бул тармактагы профессионалдар чогулган 90дой адам талкуулап жатат. Ошолорго мен айтаар элем. Муну түртүп, зордоп, эртең, бүрсүгүнү кабыл алгыла деген эч ким жок.Элдин талкуусуна койгула деп жатабыз. Эгер мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келбесе, элден түшкөн сунуштарды дагы талкууга койгула деген өтүнүчүбүздү айттык. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар ошол жерге барып, “муну алып коёлу, тигини кошуп коёлу” – деп сунушун беришсин. Бир ууч саясатчылардын же топтун эмес, жалпы элдин үнүнө кулак салышыбыз керек. 10-январь күнү эл кандай десе, ошондой болот!

-Конституциянын жаңы долбоорунда мажоритардык система дагы киргизилип жатат. Конституция кабыл алынса, бул система иштеп баштаса, мажоритардык жол менен чыныгы эл өкүлдөрү шайланып келишине ишенесизби?

-Ишенем. Себеби, 2005-жылы Кыргызстан 75 округга бөлүнүп, ар бир райондон өзүнүн депутаттары шайланып келген. Ошол мезгилде 100 пайыз деп айтпайын, бирок 95 пайызы чыныгы эл өкүлдөрү шайланып келген. Чыныгы эл үчүн иштей турган депутаттар келген. Эки жарым жылдан кийин 2007-жылдын октябрында аны таратып ийип,партиялык системаны киргизип алышкан. Эгерде можаритардык система менен шайлоо кылсак, чыныгы эл өкүлдөрү келет. Андан башка азчылыктын дагы кызыкчылыгын эске алып, парламентке, башка этностордун, жаштардын жана аялдардын да келиши үчүнпартиялык системаны да кошуп долбоор түзүп жатабыз. Кабыл алынып калса, бул Конституцияга киргизилбейт, бирок конституциялык шайлоо мыйзамдары менен аныкталат. Башка этностордун да, жаштардын да, аялдардын да укугун тепселебей, алардын да кызыкчылыгы болсун деп жатабыз.

-Ошентсе да айрымдар суперпрезиденттик башкаруу жакшылыкка алып барбайт дегенди кайра-кайра айтышууда.

- Суперпрезиденттик эмес. Президенттик! Эгерде эл колдосо, ал парламент жана Элдик Курултай түрүндөгү тең салмактуулукка барабар болушу керек. Сиз булжерде башкы нерсени көз жаздымда калтырып жатасыз – бийликтин жеке жоопкерчилиги, биринчи кезекте президенттин өзүнүн жоопкерчилиги киргизилүүдө. Президенттин, өкмөттүн жана парламенттин иши ачык-айкын болот.

-Эгер шайланып калсаңыз, жалпы элдин, бүтүндөй мамлекеттин жоопкерчилигин жеке өзүмөалам дегенди көп айтып жатасыз. Кыргызстан Жапаровго «ооба» деп добуш берсе, жеке өзүңүзгөмынчалык жоопкерчиликти алуудан коркпойсузбу? 

-Израилдин биринчи премьер-министри Давид Бен-Гурион: «Эр жүрөктүк – бул өзгөчө иш: корко турган нерседен кантип коркуу керек жана коркпой турган нерседен кантип коркпоо керек» деп айткан экен. Мен эч нерседен тайманбайм, өз өлкөмдү күчтүү, гүлдөгөн, коопсуз мамлекет кылууга толугу менен чечкиндүү турам. Бирок мени кокусунан катачылык кетирип коюутынчсыздандырат. Ошондуктан мен парламенттин жаңы курамын жана Курултай институтун сунуштап жатам. Мамлекеттик башкаруу системасына профессионалдар келсин деп жатканым да ушундан улам. Баса, бул процесстерде атамекендик маалымат каражаттарынын ролу да чоң болоорун күн мурунтан көрүп турам!

-Жалпыга маалымдоо каражаттары деп калдыңыз, жаңы Конституция боюнча  “сөз эркиндиги чектелет, ооздукталат” деген сын-пикирлерге кандай жооп бересиз?

-Сөз эркиндиги менен ЖМКны ооздуктоо деген болбойт. Бул биз сактап жана коргоп кала турган эркиндик. Биздин маалымат каражаттары бийликтин каталарын, бул же тигил атка минерлер көз жуумп койгон же чечкенден оолактаган көйгөйлөрдү көрсөтүп турса дейм. ЖМК – бул бийлик менен коомдун ортосундагы көпүрө. Бул баарыбызга пайда гана алып келет! 

Аткаруучу: "Саясат.kg" маалымат аналитикалык порталы.  Дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 1/2.  Буйрутма берүүчү: Кыргыз Республикасынын Президенттигине  талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиева.  Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү. Нускасы 1. Өндүрүлгөн күнү: 22.12.2020-ж