Бишкек, "Саясат. kg". Каныбек Нарбаев элди туура тандоо жасоого чакырды.
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын бүгүн, 13-ноябрда Аксы районунун шайлоочулары менен жолугушуусунда талапкер Каныбек Нарбаев элди туура тандоо жасоого чакырды.
“Ушул убакка чейин көптөгөн депутаттарды шайладык. Тилекке каршы, көп учурда куру убадага, азыраак тыйынга алданып, келечегибизге кайдыгер мамиле жасадык. Жаңы бийликтин келиши менен жаңы замандын босогосун аттадык. Эми баарыбыз жаңычылдыкка, тазалыкка басым жасап, акчалууну эмес, татыктууну шайлайлы! Биздин бүгүнкү тандообуз Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык келечегин аныктайт” – деди талапкер.
Ошондой эле, ал партиянын программасы тууралуу айтты.
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын алдына койгон максаттары чоң жана анын баары элдин бакыбат жашоосу, мамлекеттин өнүгүшү менен байланышкан. Биз коомдо болуп жаткан көйгөйдүн баарын камтыдык. Эң башкы урааныбыз – туруктуулук жана өнүгүү! Билим берүү, саламаттыкты сактоо системасындагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, балдарыбыздын терең билим алышына, жарандарыбыздын ден сак болушуна жол ачышыбыз керек. Коопсуздук маселеси – башкы багыттарыбыздын бири. Өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактарыбызда кандай окуялар болуп жатканына күбө болуудабыз. Мунун баары коопсуздук маселесин акыр аягына чейин так чече албаган начар мыйзамдардын иштей албай жатканынан болууда. Биздин партия элдин коопсуздугун камсыздап, көйгөйлөрүн чечүү үстүндө иштейт”, - деди Каныбек Нарбаев.
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 13-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).