Бишкек, "Саясат. kg". "Ата-Журт Кыргызстан" №21.

"Ата - Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке  талапкер Камила Талиева  үгүт иштерин  чек арада жайгашкан кичи мекени Лейлек  районунан баштады. 

Талапкер борбордон миң чакырым алыста жайгашкан райондун ар бир айылына барып, элдин көйгөйүн угуу менен өзүнүн программаларын тааныштырды. 

Атап айтсак, туулган айылы Маргундан тартып,  Катраң, Андарак, Арка, Баул, Айбике, Голбо, Айкөл айылдарын, Ифана шаары жана ага жакын жайгашкан айылдарда болуп, шайлоочулар менен жолугушуп, өлкөдөгү жасалып жаткан иштер, айылдагы көйгөйлөр, социалдык маселелер менен пикир алышып, суроолоруна жооп берди. 

Шайлоочулар жөлөк пул берүү системасын кайрадан карап чыгууну өтүндү. Азыркы жобо боюнча үйүндө пенсия алган адам, машина, мал, ж.б. болсо балдарга жөлөк пул берилбейт. Ошондой эле сугат суу, таза суу, ички жана айылды бириктирүүчү жолдор, ФАП, медициналык мекемелер, жумуш орундарын түзүү тууралуу суранычтарын айтышты.

Өз кезегинде талапкер Камила Талиева шайлоочулардын суроолоруна жооп берип, чек ара маселеси делимитация жана деморкация иштеринен соң чечилерин, ал эми пенсия посибие алууда жеңилдиктер каралып жатканы тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  9-ноябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).