Бишкек, "Саясат. kg". Билимге басым жасап, бийик аң-сезимдүү, идиректүү келечек муундун пайда болушун камсыздайбыз!

Мамлекеттин өнүгүшү ар бирибиздин чыныгы максатыбыз болууга тийиш. Ал максатты ишке ашыруу үчүн таза шайлоо өткөрүшүбүз керек. Бул тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын Талас шаарынын шайлоочулары менен 2-ноябрда болгон жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди. 

 Ал алгач касиеттүү Талас жеринин улуулугун белгиледи. 

"Манас атабыз чыккан Талас жери мамлекетибиздин башатына айланды. Кыргыз сыймыктанган, кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдой уулдарды өстүрдү. Андыктан, Талас жеринин тургундары коомду каптап калган добуш сатуу жана сатып алуу деген терс көрүнүштөрдөн арылууга чоң салымын кошушат деп ишенем", - деди Айбек Маткеримов. 

Андан ары ал өлкөнүн жакынкы жылдардагы келечеги алдыдагы шайлоодон улам аныкталаарына, добуш сатуу болбой, ар бир шайлоочу татыктуу талапкерди чын ниетинен шайлаганда гана коом оң жагына өзгөрө баштаарын билдирди. 

"Ар бирибиздин максатыбыз өнүккөн өлкөнү куруп, кыргыз мамлекетинин келечегин сактап калуу. Анын өтөөсүнө чыгууга ар бирибиз салым кошо алабыз. 28-ноябрда таза партияны, анын ичинен татыктуу талапкерди тандап алсак, биринчи утушубуз ошол болот. Биз сиздерге сөз беребиз: Манас атабыздын жети осуятын туу тутуп, партиябыздын жети багыты менен өлкөбүздүн жети дубанын өнүктүрүүгө болгон дараметибизди, акыл-тажрыйбабызбы, билимибизди жумшайбыз! Бабабыз калтырган жети осуяттын негизинде эркин, өнүккөн Кыргызстанды курабыз! Улут-улутка, ууру-ууруга, аймакка бөлүнбөгөн, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" коомго жетишебиз! Билимге басым жасап, бийик аң-сезимдүү, идиректүү келечек муундун пайда болушун камсыздайбыз! Биздин келечек - биздин балдарыбыз. Эртең алардын алдында башыбыз жер карабаш үчүн, өнүккөн өлкөнү колдоруна сыймыктануу менен тапшырып бериш үчүн биз бүгүн акчага алданбай, башка азгырыктардын жетегине кирбей, таза коом, таза келечек, таза шайлоо үчүн тик турушубуз керек!" - деди лидер. 

Ошондой эле, ал бүгүнкү күндүн бир катар маселелерин: медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин социалдык муктаждыктары көптүгүн жана бул маселелерди чечүүдөгү "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын аткара турган иштерин айтып берди. 

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  5-октябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).