Бишкек, "Саясат. kg". Талапкер Кубанычбек Кадыров  “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы билим жаатына өзгөчө басым жасаганын белгиледи.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери  Айбек Маткеримов баштаган мүчөлөрү бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту.

Талапкер Кубанычбек Кадыров  “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы билим жаатына өзгөчө басым жасаганын белгиледи.

“Акырындык менен өлкөбүз туура жолго баштанууда. Анча-мынча кемчиликтерди чогуу түздөшүүгө умтулуп, намыс үчүн бийликти колдоп турсак, Кудай буйруса, өнүгүүгө жетээрибизге ишеничим чоң. Биздин партия билимге катуу басым жасап жатат. “Билими күчтүү миңди, билеги күчтүү бирди жыгат” демекчи, билимдүү коомду жаратуу менен өнүгүүгө кадамыбыз тездейт. Мына, азыр байлар, аткаминерлер ооруп калса, Германияга учат. А карапайым калктын андай мүмкүнчүлүгү жок, өлкөбүздөгү медицина тармагы начар акыбалда. Ошондуктан, медицинага көңүл буруп, акыркы заманбап жабдыктар менен жабдып, мыкты, билимдүү кадрларды көбөйтсөк, ал турмак жакшы мыйзамдарды жазып, карапайым калкка медициналык тейлөөнү бекер кылып берсек деген тилегибиз бар”, - деди Кадыров.

Ошондой эле, калктын түйшүгүн көбөйткөн насыя маселесине да токтолду.

“Азыр элдин 99 пайызында насыя маселеси жаралган. Сиздер, Кудай колдоп, биз парламентке барып калсак, командабыз менен насыялардын пайызын түшүрөбүз. 30 пайыз деген дүйнө жүзүндө жок. Андан сырткары, грант эсебинде келген каражаттарды туура бөлүштүрүп, айыл чарба жаатын көтөрүүгө аракеттенебиз. Айыл чарбасы учурда кыйынчылыкта, дыйкандар жайы бою эмгек кылып өстүргөн азыктар кызыл кулактардын айынан арзан баада сатылат. Биз ушул кемчиликти жоюу аракетин көрөбүз”, - деди Кубанычбек Кадыров.   

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  31-октябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).