Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстан боюнча 770 миң бала бакчага барбайт. Анан кайдан билим болсун?
“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов баштаган мүчөлөрү бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту.
“Жаңы мыйзам боюнча алдыдагы шайлоодо партияны шайлаганда депутатка кошо добуш бересиздер. Кайсы талапкер көп добуш алса, ошол депутат болот. Мурдагыдай кимдин депутат болушун лидер чечпейт, эл чечет”, - деди Бакыт Төрөбаев жолугушууда.
Ал партиянын программасында туруктуулук жана өнүгүүгө басым жасалганын, өнүгүүгө биринчи аракет – үй-бүлө пайдубалын бекемдөө болоорун белгиледи.
“Эгерде үй-бүлөлүк бизнести жолго коюп берсек, үй-бүлө институту бекемделет. Мисалы, Ысык-Көлгө турист көп келсе, элдин иштеп каражат табууга мүмкүнчүлүгү кеңейет. Ал үй-бүлөлөрдүн бюджетин толуктайт. Бул өз кезегинде үй-бүлөлөрдүн бекем болушун шарттайт. Андан сырткары Кыргызстаныбызга салык төлөнөт, жолдор курулат, алдыга жылуу болот”, - деди ал.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды ачыктоо менен 50 миллиард сом кошумча киреше табуу боюнча билдиргени тууралуу айтты.
“50 миллиард сомго 20 миллион сомдук 2,5 миң бала бакча курса болот. Кыргызстан боюнча 770 миң бала бакчага барбайт. Анан кайдан билим болсун? Изилдөөлөр боюнча, бала бакчага барган баланын билим деңгээли бала бакчага барбаган баладан бийик болот экен. Ошондуктан, билимдүү коомду жаратуу үчүн биз биринчи бала бакчаларды куруудан башташыбыз керек”, - деди Бакыт Төрөбаев.
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 31-октябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).