Бишкек, "Саясат. kg". Мындан ары андай терс көрүнүштөргө жол бербөө – сиздердин колуңуздарда!

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов баш болгон мүчөлөрү бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун борбору  Каракол шаарынын шайлоочулары менен жолугушту.

Лидер Айбек Маткеримов элге партиянын максаты, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.

“Биздин максатыбыз – келечекте өнүккөн өлкөнү келечек муунга калтыруу. 30 жыл мурда эгемендүүлүк алганда эл көп жакшы нерселерге ишенген эле. Өз тагдырыбызды колубузга алдык, эми өнүккөн өлкөгө айланабыз деген үмүт ар бирибиздин жүрөгүбүздө жанган. Бирок коррупционерлер, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон бир ууч топ саясатчылар ал үмүтүбүзгө суу септи. Жаңы бийлик келгенден баштап мурда өлкөнү башкарган жетекчилер, айрым саясатчылар кандай чыккынчылыкка, жемкорлукка барганы ачыла баштады. Мындан ары андай терс көрүнүштөргө жол бербөө – сиздердин колуңуздарда! Туура тандоо – келечекке туура жасалган кадам!” – деди Айбек Маткеримов.

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын  31-октябрында  чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).