Бишкек, "Саясат. kg". Партиянын тизмесин негизинен жаңы жүздѳр, жаңы ысымдар, жигердүү, демилгелүү, патриот жаштар түзѳт.
1. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына мыйзамсыз, элдин казынасына колун салбаган, ысымы булганбаган инсандар чогулган. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы башка партиялардан ушунусу менен кескин айырмаланат.
2. Партиянын тизмесин негизинен жаңы жүздѳр, жаңы ысымдар, жигердүү, демилгелүү, патриот жаштар түзѳт.
3. Талапкерлердин арасында бардык тармактын ѳкүлдѳрү бар. Мугалимдер, дарыгерлер, инженерлер, энергетиктер, юристтер, экономисттер, ишкерлер, эң башкысы, капчыгы калың эмес, бирок эл, мекен үчүн ѳздѳрүнүн билимдерин, тажрыйбаларын пайдалануу менен кызмат кылабыз деген атуулдар.
4. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы аймактардагы элдин социалдык-экономикалык кѳйгѳйлѳрүн жакшы билген партия. Себеби, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо элдин ишеничине ээ болуп, эң алдыңкы позицияларды ээледи. Учурда жергиликтүү эл, бийлик органдары менен тыгыз иш алып барып келатат.
6. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын талапкерлери парламентке депутат болуп шайланып барышса, бүгүнкү коррупция менен күрѳшүү жараянын бекем колдоого алышып, мыйзамдык негизде кол кабыш кылууга даяр. Анткени, коррупция менен күрѳшүүнү ага аралашпагандар гана колдой алышат.
7. “Ата-Журт Кыргызстан” эптеп эле добуш алуу үчүн кооз убадаларды берип, реалдуулуктан алыс нерселерди айтып, шайлоочуларды алдабайт. Реалдуу, мүмкүн болгон нерселерди айтып, аларды ишке ашырууга болгон аракеттерин кылышат.
Партия үчүн элдин ишеничи, үмүтү - баарынан кымбат! Шайлоочулардын ишеничи - бул чоң милдет жана жоопкерчилик!
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Саясат. kg» тарабынан 2021-жылдын 30-октябрында чыгарылды, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү 77, каб. 34, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).