Бишкек, "Саясат. kg". Эми анын адвокаттары шайлоого байланыштуу, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышууда.
Учурда абакта кармалып турган саясатчы Равшан Жээнбековду БШК Бишкектеги №26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкер катары каттады.
Буга байланыштуу эми саясатчынын адвокаттары Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз жолдошоору маалым болду.
Жээнбековдун уулунун соцтармактагы баракчасына жазганына караганда, адвокат Замир Жоошев бүгүнтөн тартып бул маселе менен алектенет.
"Бүгүнтөн баштап Замир Жоошев атамды башка талапкерлер сыяктуу шайлоого катышууга абактан бошотуу үчүн сотто күрөшөт. Жакынкы убакта адвокаттар Биринчи май райондук сотуна баш коргоо чарасын "эч кайда чыкпоо боюнча тил катка" алмаштырып берүү боюнча арыз жазышат", - деди.