Бишкек, "Саясат. kg". БШКга арыз түздү. 

Борбордук шайлоо комиссиясына "Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер Жибек Ахмедованын үстүнөн арыз келип түшкөн. Талапкерди шайлоочулардын добушун сатып алууга аракеттенүүгө айыптап жатышат. 

Арыз жазуучу белгилегендей, Ахмедова талапкерлер тизмесинде №48 орунда турат жана ал Ош шаарынын тургундарын акчага сатып алууга ниеттенген. 

Бул маалымат Ош шаарындагы "Ынтымак" телерадиокомпаниянын программасында жарыяланган, анда Ахмедова кайсы бир жаран менен өзүнө добуш берүүсүн, жакындарын жана тааныштарын дагы "Альянс" партиясына добуш берүүгө макулдатып берүүсүн суранып сүйлөшкөн. Анын акысына Жогорку Кеңешке депутат болуп калса ар кайсы маселеде коргоп жана колдоп тураарын убадалаган.