Бишкек, "Саясат. kg". Бул сапар андай катачылыктарга жол бербейбиз.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул сапар парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын айтты. Ал президент Садыр Жапаровдун шайлоону адилет өткөрүү жана административдик ресурс колдонбоо боюнча катуу талаптарды койгонун эскертти. 

"Мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери шайлоого аралашпай, өз кызматтарын кылуусу керек. Биз мыйзам бузууга жол бербейли. Буга чейинки шайлоолордо кетирилген катачылыктар, анда жеке кызыкчылыгын жогору коюп, иштеп акча тапкандар тууралуу маалыматтар бар. Бул сапар андай катачылыктарга жол бербейбиз", - деген мэр кол алдындагы кызматкерлерине  муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин кызматкерлерин көзөмөлдөө тапшырмасын берди.  

 Ош шаарында жалпысынан 78 шайлоо участкасы бар. Ош добуш берүү округунда 110 миң 685 шайлоочу катталган.