Бишкек, "Саясат. kg". Буга чейин шайлоого катышуу каалоосун билдирген 381 арыз келип түшсө, анын 51ин БШК каттаган.
Борбордук шайлоо комиссиясына дагы бир партиядан парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу билдирүү келип түшкөнү белгилүү болду. Маалыматка караганда, бул жолу "Адилет" партиясы шайлоого катышпай турган болгон.
Ошондой эле, бир мандаттуу округдан Махабат Мавлянова (№16 Ноокен шайлоо округунан), Жылдызбек Исакулов (Свердлов райондук №29 округунан), Акыл Курманалиев (Сокулук №24) жана №19 Токтогул шайлоо округунан чыккан Тынчтбек Абдылдаев дагы добуш үчүн күрөшүү ниетинен кайтты.
Буга чейин шайлоого катышуу каалоосун билдирген 381 арыз келип түшсө, анын 51ин БШК каттаган.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.