Бишкек, "Саясат. kg". 23 партия съезддин өткөрүштү.
Жалпысынан парламенттик шайлоого катышууга 73 партия БШКга арыз берген. Алардын 26сы съезд өткөрөөрүн билдиргени менен иш жүзүндө 23 партия гана өткөрүп, талапкерлер тизмесин бекитишти.
Алар:
- "Бүтүн Кыргызстан"
- "Кучту аймагы"
- "Азаттык"
- "Ата Журт Кыргызстан"
- "Улуттар Биримдиги"
- "Аруузат - Эл Куту"
- "Ынтымак"
- "Ата Мекен"
- "Ишеним"
- "Ордо"
- Кыргызстандын Жашылдар партиясы
- Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы
- "Альянс"
- "Ыйман Нуру"
- "Мыйзамдаштыруу"
- "Жашасын Кыргызстан"
- "Улуу Журт"
- Кыргызстандын Лагердик демократиялык партиясы "Багыт"
- "Элдин үмүтү" коомдук -саясий партиясы
- "Мекенчил Эл"
- "Ак Асаба"
- "Социал -демократтар"
- Кыргызстан Прогрессивдүү Жаштар партиясы
Алардын ичинен ушул убакта "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен" "Ишеним", "Ынтымак" жана "Улуттар Биримдиги" партиялары талапкерлердин тизмелеринин документтерин БШКга тапшырышты. Эми партиялар 1 миллион сом суммадагы шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.