Бишкек, "Саясат. kg". Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен көрсөтүлөт.
Саясий партиялар 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу округдарда талапкерлерди көрсөтүү үчүн шайлоо процессинин алкагында съезддерин өткөрүүдө.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда – 2021-жылдын 13-октябрында аяктайт.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен көрсөтүлөт.
Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө жашыруун добуш берүүнүн жол-жоболорун камсыздоо үчүн жоопкерчилик саясий партияга жүктөлөт.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын, Жумушчу топтун мүчөлөрү катышууга укуктуу.
БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин түзүүдө төмөнкү талаптарды эске алуу зарылдыгын саясий партиялардын эсине салат:
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
Бүгүнкүгө карата бир катар саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча съезддери өткөрүлүүчү жер жана дата тууралуу БШКга билдиришти.