Бишкек, "Саясат. kg". Буга чейин 592 миллион 531 миң сом чыгаша болоору пландалган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого БШК чыгашалар сметасынын өзгөртүлгөн вариантын киргизди. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин 592 миллион 531 миң сом чыгаша болоору пландалган, бирок чыгашалар 4 миллион 126 миң сомго жеткендиктен, кетчү каражат 596 миллион 637 миң сом деп өзгөртүлдү.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңешке келчү 90 депутаттын 54ү партиялык тизме, ал эми 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.