Бишкек, "Саясат. kg". Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке талапкер болууга 194 адам документин тапшырган.
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке талапкер болууга 194 адам документин тапшырган. Анын 25и катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, документ тапшыргандардын арасында жети жумушсуз жана эки учурдагы депутат - Саматбек Ибраев менен Автандил Кулбараков бар. Ошондой эле, экс-депутат Арсланбек Малиев менен БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев да "көз карандысыз" депутат болууну көздөгөн.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жалпы депутаттардын саны 90. Анын 54ү партиялык тизме, калган 36сы бир мандаттуу округдан келет.