Бишкек, "Саясат. kg". Ар кандай себептерге байланыштуу баш тартышууда...
Ар кандай себептерге байланыштуу документтерин тапшырып, каттоодон өткөндөн кийин саясий партиялардын арасынан айрымдары кайра ойлонуп, шайлоого катышуудан баш тартышаары адаттагы көрүнү. Бул жолу да БШК билдиргендей, "Эмгек партиясы", "Либералдык-Прогрессивдүү" партиясы жана "Ар-Намыс" партиясы шайлоого барбай турган болушту.
Буга чейин "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы" менен "Аалам" партиясы шайлоого катышуудан баш тартышкан.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.