Бишкек, "Саясат. kg". Бактыбек Калмаматов да бул сапар "Азаттык" партиясы менен чогуу шайлоого бараары маалым болду. 

10-октябрда "Азаттык" партиясы парламенттик шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, шайлоого карата талапкерлеринин тизмесин бекитти. 

Тизмеге ылайык, алдыңкы орундарда- Исмаил Исаков (партиянын лидери), Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Арстанбек, Ишенбай Кадырбеков, Жылдызкан Жолдошова, Медеткан Шеримкулов бар. Ошондой эле, Бактыбек Калмаматов да бул сапар "Азаттык" партиясы менен чогуу шайлоого бараары маалым болду. 

Белгилей кетсек, Ахматбек Келдибеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясына кошулган. Ишенбай Кадырбеков "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен барган. 

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Анда 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунда пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат.