Бишкек, "Саясат. kg". "Ата Мекендин" алдыңкы беш орунуна кимдердин аты-жөнү жазылганы белгилүү болду. 

"Ата Мекен" саясий партиясы шайлоо алдындагы курултайын 9-октябрда өткөрдү. Анда партиянын парламенттик шайлоого талапкерлеринин тизмеси бекитилди. Азырынча, алдыңкы беш орунга талапкерлер бекитилип, калган 54 кишиден турган тизме кийинчерээк жарыяланаарын белгилей кетели. 

Партияны Өмүрбек Текебаев өзү жетектейт. Алдыңкы орундар Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Наталья Никитенко жана Али Токтакуновдорго берилген. 

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул сапар  54 депутат бирдиктүү шайлоо округунда пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) жана  36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат.