Бишкек, "Саясат. kg". Тизмени Адахан Мадумаров өзү баштайт. 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 9-октябрда курултайын өткөрдү. Анда 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого талапкерлеринин алдыңкы 5 орунунда кимдер бардыгы айтылды. 

Тизмеде 1-орунда партиянын лидери Адахан Мадумаров, анын артында "Коммунисттер партиясынын" лидери Исхак Масалиев, активист Орозайым Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев жана Кыянбек Сатыбалдиевдер бар. 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), ал эми  36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат.