Бишкек, "Саясат. kg". Курултайда үч маселе каралат. 

Бүгүн, 10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы кезектеги курултайын өткөрөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, курултайда үч маселе каралат, алар:

1. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын ишмердиги жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга байланыштуу Партиянын Программасы жөнүндө.

2. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Саясий кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.

3. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө.