Бишкек, "Саясат. kg". Эртең, 10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын 3-съездди өткөрүлөт.
Эртең, 10-октябрда “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын 3-съездди өткөрүлөт. Бул тууралуу саясий партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, съездде партиянын программасы бекитилет, саясий кеңешине өзгөртүү киргизилет. Ошондой эле, күн тартибине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү да коюлат.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Шайлоого катышууну ниеттенген саясий партиялар жана бир мандаттуу округдан чыкчу талапкерлер өздөрүнүн арызын жана талапкерлер тизмесин добуш берүү күнүнө 40 күн калгандан кечиктирбей БШКга тапшыруусу керек.