Бишкек, "Саясат. kg". Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленген. 

Акын Мирлан Самыйкожо бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жолдоду. Бул тууралуу аталган шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленген. 

Анда айтылгандай, Мирлан Самыйкожо Нарын облусунун №32 Кочкор округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 145 талапкерден арыз түшкөн. Талапкер болууга ниеттенгендерден арыздар 13-октябрь, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.