Бишкек, "Саясат. kg". "Уялчаак" атка конгон депутат Камчыбек Жолдошбаев кайрадан талапкерлигин коет.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттыкка талапкерлигин коеру белгилүү болду. Ал бул ирет бир мандаттуу округдан талапкер болууга камданууда.
БШКнын маалыматына караганда, Жолдошбаев Бишкектин №26 Ленин округу боюнча ат салышат.
Камчыбек Жолдошбаев парламенттин 6- чакырылышынын "уялчаак депутаты" катары эл эсинде калды. Ал парламент жыйынында айым-депутаттардын жөө жумушка келатканын көрүп, уялганынан шапкасын көзүнө түшүрүп кийип өтөөрүн айтып, кыргыз коомчулугунун талкуусунда калган.
Эске салсак, жалпы өлкө боюнча 36 шайлоо округу бар, алардан талапкерлер өздөрүн көрсөтө алышат. Шайлоого катышууга ниеттенген арыздар 13-октябрь, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.