Шайлоо жакындаган сайын талапкерлер дагы көбөйөт.

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланууга мүмкүнчүлүк ачылгандан бери өздөрүнүн талапкерликтерин коюп, бактысын сынап көргүсү келгендердин катары көбөйүүдө. Алардын арасында аракеттеги депутаттар да, экс депутаттар да, депутаттык төш белгини тагынып көрө электер да бар.

Карап көрсөк, бир мандаттуу округдардан эки ишенимге жетеленишип, талапкерликтерин коюшууда. Биринчи ишенимдегилер - өздөрүнүн округдагы салмагына, кадырына, анан капчыгына ишенгендер болсо, экинчи ишенимдигилер – “талапкер болуп көрөйүнчү, балким кудайдан айтып, эл колдоп кетер”- дегендер. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы талапкерлердин аракеттерине, анан кудайдан буйругуна көз каранды экендиги талашсыз. “Чуркаган эмес, буйруган алат” демекчи, көпчүлүк күтпөгөндөр шайланып келип калуулары да толук ыктымал. Шайлоочулар да эски жүздөрдөн, эски депутаттардан жадап, жаңы жүздөргө ишеним артуулары мүмкүн. Мындай болбойт дегенге кепилдик жок.

 Учурга карата Бактыбек Сыдыков, Тазабек Икрамов, Улан Примов, Эмил Токтошев сыяктуу аракеттеги жана экс-депутаттар кичи мекендеринен өз бактыларын сынаганы турушат. Шайлоо жакындаган сайын талапкерлер дагы көбөйөт.

Бир мандаттуу округдардан талапкер болгусу келгендер документтерин БШКга 18-октябрга чейин тапшыруулары керек. 18-октябрда кечки саат 18:00дөн кечиккендер талапкер болуп каттала албай калышат.

Булак: «Майдан. kg» гезити