Журналисттерден эч качан жаман депутат чыкпайт.

Журналисттерден эч качан жаман депутат чыкпайт. Буга чейин өңчөй партиялык тизме менен шайлануу системасы журналисттер журтчулугуна Жогорку Кеңешке шайланууга тоскоолдук кылып, бөгөт болуп келсе, бул ирет жол ачылды. Ар бир журналисттин тигил же бул шайлоо округунан шайлоого катышып, бактысын сынап көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Кесиптешибиз, “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов өзү туулуп, өскөн Кочкордон шайлоого аттанганын билдик. Кочкордон чыккан олигархтар көп эмеспи, демек, атаандаштары оңой жоолор болбойт. Бирок ошентсе да оозунда сөзү, айтайын деген ою, эли үчүн иштесем деген ниети бар кесиптешибиз депутаттык мандат үчүн күрөшүп көргөнгө неге болбосун? Журналисттер парламентте канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.

А биз өз кезегинде кесиптешибизге шайлоодо ийгилик каалайбыз!

Булак: «Майдан. kg» гезити