Бишкек, "Саясат. kg". БШКнын маалыматына караганда, бир мандаттуу округдан талапкер болууну каалагандардын саны 45ке жетти. 

Бир мандаттуу округдан талапкер болууну каалагандардын саны 45ке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, арыз бергендердин арасында эки учурдагы депутат бар: Саматбек Ибраев жана Автандил Кулбараков. Экөө тең 6-чакырылышка КСДПнын катарынан келишкен. Ал эми азыр Ибраев Жети-Өгүн №34 округу, ал эми Кулбараков Кочкор №32 округу боюнча ат салышуу алдында турушат. 

 Алардан тышкары Москва №23 округдан Эркин Булекбаев, Чүй-Кемин №31 округу боюнча Нурлан Дүйшөналиев, Кочкор №32 округу боюнча Майрамбек Асанбаев бар. 

Эске салсак, арыздан 13-октябрь, кечки саат 6га чейин кабыл алынат.