Бишкек, "Саясат. kg". Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Бүгүн, 21-сентябрда КРдин РФдеги Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстандыктардын Россиядагы диаспораларынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.
КР БШК мүчөсү, Чет өлкөлөрдө жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Анар Дубанбаева жолугушуунун катышуучуларына Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу географиясын кеңейтүү максатында Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча чет өлкөлөрдөгү (28 өлкөдө) шайлоо участокторунун саны 57ге көбөйтүлдү.
Алдыдагы парламенттик шайлоодо Россиядагы 20 участок ачылат, анын ичинде:
- Москвада – 5 шайлоо участогу;
- Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень шаарларында бирден участок;
- 5 шайлоо участогу Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында алгач ирет ачылат.
Диаспоралардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилерин консулдук каттоого коюуну жөнөкөйлөштүрүү, шайлоо участокторунун санын көбөйтүү, шайлоочулардын топтоушуна жол бербөө үчүн бир шайлоо участогунда АЭУлардын санын көбөйтүү, электрондук добуш берүүнү киргизүү маселелери кызыктырды.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Биометрикалык каттоодон өткөн жана жакын жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жараны тиешелүү участок боюнча шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспорттогу маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборуна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.
КРдин РФдеги Элчилигинин өкүлдөрү 2021-жылдын 4-октябрынан 17-октябрына чейин (кошуп алганда) кыргызстандыктарды жапырт паспорттоштуруу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, консулдук каттоого коюу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн, бул кыргызстандыктарга өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берерин маалымдашты.