Бишкек, "Саясат. kg". "Кыргызстан" партиясы да шайлоого катышууга арыз берген. 

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болууну ниеттенгендердин катары өсүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бир мандаттуу округдан талапкер болуу үчүн арыз жолдогондор көбөйдү. 

Ошондо, Байыш Курманов Ысык-Атадагы №30 округдан, Айбек Алтынбеков Базар-Коргон боюнча №15 округдан талапкер болуу үчүн арыз жолдошкон. Ал эми "Кыргызстан" партиясынын лидери жана ЖКнын мурдагы спикери Канат Исаев Чүй-Кемин №31 округунан талапкер боло турган болду. 

Маалымат боюнча, бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болчулар БШКга каттоо үчүн документтерди 18-октябрдын саат 18.00го чейин бериши керек. 

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.