Бишкек, "Саясат. kg". Алгачкы арыздын ээси ким экени белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо аймагынан талапкер катары катталууга биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, алгачкы арыздын ээси - БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев.
Ал Нарындагы №33 шайлоо округунан талапкер болууга ниеттенүүдө.